ӨКМ: Таласта шамалдан бир нече имарат жабыр тарткан

Таласта шамал бир нече объектинин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги 18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Таластын Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталганын аныктаган. Бул катуу шамал райондун Жоон-Дөбө, Кайнар айылдарындагы мектептердин чатырын бузган.

Ошондой эле Ак-Чий, Кайнар айылдарында да бир нече үйдүн чатыры жабыркаган. Учурда жабыркаган имараттарды ордуна келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.