Кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдөөдө

Кыргыз-казак чек арасында абал бир аз жеңилдеди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,   көзөмөл-өткөрмө бекеттерде жарандарды текшерип өткөрүү процесси тездетилген.

 

Эскерте кетсек, 10-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасынан өтүү таталданып, узун кезек түзүлгөн. Мунун натыйжасында 18-октябрда казак-кыргыз өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Астанада жолугуп, чек арадагы кырдаалды талкуулады. Анда тараптар чек арадан өткөрүүнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү боюнча макулдашкан. Ага ылайык, жөө адамдар, эл ташыган автоунаалар, жеңил автоунаалар анан бош жүк ташуучу автоунаалар киргизилет.