Афганистандагы жардыруудан 40 жоокер курман болду

Афганистандагы аскер базасынын жанында эки автоунаа жарылып, кеминде 40ка чукул аскер кызматкери каза болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык террорчулар Кандагар провинциясынын Мейванд районундагы Humvee аскердик базасынын жанында жол тандабаска чабуул койгон. Андан 40 жоокер курман болгон.

Ал эми 1TV телеканалы Афганистандын Коргоо министрине таянып, Кандагардагы аскер базасына чабуул жасалгандыгын билдирди. Алардын маалыматына караганда окуя түндө болгон.  Бул чабуул үчүн Талибан кыймылы жоопкерчиликти өзүнө алды.