Алимов Ставрополь крайынын өкмөтүнүн вице-премьери болуп Кыргызстандык дайындалды

Ставрополь крайынын өкмөт төрагасынын орун басары болуп Кыргызстанда төрөлгөн Эркинбек Алимов дайындалды. Аны өкмөт мүчөлөрүнө аймактын губернатору Владимир Владимиров тааныштырган. Маалыматка ылайык, Алимов аймакка инвестиция тартуу боюнча иш алып барат.

Эркинбек Алимов 1962-жылы Ош облусунда туулган. СССРдин коргоо министринин жогорку окуу жайында билим алган. Орусияда жашайт. Кийин М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин СССРдин мамлекеттик көзөмөл органдарында, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде, Орусия Федерациясынын Коопсуздук министрлигинде иштеген.

Алимов 2013-жылы Хабаровск аймагынын губернаторунун кеңешчиси, 2014-жылдан бери Орусия Федерациясынын президентинин Крым Республикасындагы башкы кеңешчиси кызматчысы милдетин аркалаган.