УКМК: Текебаев №47 түзөтүү колониясына которулат

Ата Мекен” партиясынны лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн №47 түзөтүү колониясына которулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаев боюнча суранычтар эске алынып, ал түрмө ооруканасы болуп эсептелген жайда жазасын өтөйт. Ал эми, Дүйшөнкүл Чотонов Молдовановкадагы абакка которулду.

Белгмлей кетүүчү жагдай, 10-октябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө-абагына которулган.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи май райондук соту Текебаев менне Чотоновду күнөөлүү деп табып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыраткан.