20-октябрга карата аба ырайы
20-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +13…+18;
Талас жергесинде +8…+13;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +13…+18;
Ысык-Көл жергесинде +10…+15;
Нарын облусунда +10…+15;
Ал эми Бишкек шаарында 20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы +15…+17 градуска чейин жылыйт.