Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин телефон сүйлөшүүсү болду

19-октябрь күнү Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусун талкуулап, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешкен.

Мирзиёев Атамбаевди президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кыргызстанга стабилдүүлүк жана өнүгүү каалаган.

Ал эми КР лидери Мирзиёевге эки тараптуу маселелерди чечүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирген.