Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүнүн мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенишүүсүнүн маселелерин дагы талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.