Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Тээ качанкы жомок…

Бүбү эненин гана дүйнөсүндө тымызын жашап, кийин Асылбек менен Сырга билген, бирок үчөө тең өздөрү менен кошо оо дүйнөгө

ала кеткен табышмактуу сыр. Ошол сырды жашырып, уурдап уккан Алымкан ким бирөөгө шыбырай коём деп кайнененин каарына калып тил ооздон калган, ошондон кийин тилин тишине катып жүргөн каат сыр. Антсе да “калк айтса – калп айтпайт” деп, калың элди дүрбөлөңгө салып, бири билип айтып, бири билбей айтып, аягы үрөй учурган укмуштуу ойго салып, айылдын элин Асылбектин кызына, үй-бүлөсүнө каршы төбө чачты тик тургузган айла-амалдарга алып барган апаат сыр.

Айтор, Кызмончок менен Жандын таң калыштуу тамырлашкан тагдырларына кандайдыр тиешеси бар өңдүү ошол табышмактын жообу так ушул күнү ушинтип, укмуштуу жомокко айланып, аялдын каргылданган добушу караңгы түндө ансыз да сырдуу, сүрдүү адырга ого бетер сүр берип, ушинтип башталды…

***

Ал күнү алардын оюнда эч жамандык жок эле.

Ар бир үйдүн ак таңындай, ар бир үйдүн күнүндөй болуп, ошол күнү да алар күлүп, жадырап ойгонушкан. Баары жаш, баары сулуу, күлгүндөй кыздар. Арасында турмуш босогосун эми гана аттап, жаңы эле башына ак жоолук салынган, курсактарына кичинекей “түйүнчөк” көтөргөн жаш келиндер да бар болчу.

Алар булакка ойноп келишкен. Ойногону ошо – булактын этеги тээ ойдуңга түшүп барып, ботонун көзүндөй болгон көлмө болуп чогулуп, андан чыккан билектей суу мына бул Жер-Куй жаткан жер менен тээ кайдадыр агып кетер эле. Ошол жерге келип жуунуп, кудум ак куулардай калкылдап ойноп кетишчү. Көлмөнүн тегерек-белиндеги кол менен жасап койгондой шуулдап, ийилген бутак-шагында куштар уялап, булбулу сайрап, күкүгү үн салган тал-теректер кыздарды далдалап, айтор, ажайыпты айтып берүүгө сөз жетпечү экен…

Мына ошондой маалда жер дүпүрөп, алда кайдан келе жаткан укмуштуудай добуш айылдыктарды “селт” эттирет.

– Жоо! Жоо келе жатат! Айланайындар, жоо-оо! – деген чаңырык айылды бир каптап өтүп, “тып” басылат.

Айгай салып, чуру-чуу менен чаап келе жаткандардын сүрүнөн жер титиреп, аскатоо солкулдайт. Алдынан тосуп, чуркап чыккандардын баштары ыргып, көкүрөктөргө малынып, канга жуулуп, жалаңдаган найзакылычтар күнгө жаркылдайт!

Эми эле тып-тынч жаткан айылга каран күн түшүп кыйкырык, ый, алоолонгон кызыл жалын, кара түтүн каптап, бир заматта алаамат түшөт да калат. Дүпүрөгөн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой-эчки айдалып, олжого түшөт. Бирок дагы аласалары калып калгандай, жоо жигиттер аттары менен айланып-тегеренип, айылдан бир да кыз бала көзгө урунбаганына ишенбей, кылчакташат.

– Ал кайда?! – дейт ат үстүн-өлүү-тирүүлөрдү кыдырата карап бастырган башчысы алда неден шектенгендей, жанындагы жигитке карап. – Же келерибизди билип, бир жерге катышканбы?!

– Андай болушу мүмкүн эмес. Мобу адырдын үстүндө кыз-келиндери жуунуп келчү булак бар. Болду-болбоду, алар ошол жакта, – дейт мурдараак думана кейпин кийинип, келип-кеткен тыңчы жигит.

– Не бар, не жок, балким бара кетерсиз, улугум?

Ошентип, атчандар жоо жарагын шарактатып, булакты карай чабышат.

Капыл-тапыл тапырап чаап келе жаткан атчандарды алыстан көрүп, кыздар чаң-тополоң түшүп калышат. Көп нерсени алыстан баалап, сезе билген Күнайым:

– Келе жаткандардын түрү жаман! Оңбой калыппыз! Биз баарынан айрылган экенбиз, кыздар! Ата-энеден, бир туугандан, баарынан! – деп көзүнүн жашын буурчактатып, боздоп ийгени!

Ушул убакта айылдын үстүнөн боргулданган кара түтүн асманга тарап, каңырсыган күйүк жыты бу жерге да келип калган.

– Оңбогурлар! – Күнайым чурулдап-чуркурап, бири-бирине коргологон кыздардын алдына суурулуп чыгат.

– Мобу кыз эмеспи?! – дейт буларга жетип-жетпей токтогон башчы жигит камчысы менен Күнайымды жаңсай.

– Дал өзү! – анын оюн түшүнө койгон жигит шар кетет. – Дал өзү!

– Керемет!.. – көзү агып түшүп калчудай тиктейт.

Ошол тапта Күнайым тизелеп отура калып алакан жаят:

– О, Кудай?! Мага жардам бер? – атасынан үйрөнгөн дубаларынын кайтарымы жок эң катаалын, эң күчтүүсүн окуй баштайт. – Мени кечиргиле, кыздар?! Айылыбызга апаат салган эки аяктуу айбандарга тебеленип-тепселгиче, өзүбүз да өлүп, буларды да өлтүрүп тыналы!

Карап турган атчандар кыздарды карап, бир аз убакытка нес болуп, кыздардын ажарына, келбетине мас боло маашыркап тургуча Күнайым дубасын толук окуп жетишет. Айткандай эле, ошондо алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, кар жаап жиберет. Көздү ачыпжумганча тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуп кетет! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, минип турган атматы менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кетет!

Ошондон кийин ушул адыр, ушул Жер-Куй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет… Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. Тээ бир далайдан кийин эсине келген кыз: «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөр бекен?» – деп, жараңканын ичинде ар кай жерде сенейген өлүктөрдү кыдырып жүрөт…

Каректери чанагынан чыгып кетчүдөй окшуңдап, ар кай жерде корулдап, тоодой болуп жаткан жылкы, ар кай жерден колубуту чыгып, топурак-ташка басылган жансыз денелер…

Күнайым улам бирөөнө чуркайт. Сыртта жаткан кыздардын тамырын кармайт, ага да ишенбей, жүрөгүнүн тыңшайт. Таштай коюп кийинкисине чуркайт.

– О, Кудай?! Ким бар?! Ким бар?! – дейт.

Бирөө-жарымдын тирүү экенин көргүсү, үнүн уккусу келет.

Элеңдеп, айлана-тегерекке кулак түрөт. Тээ көз жетпеген бийиктиктен агылып, куюлуп түшүп жаткан топурак-шагылдын, ар кай жерден тоңкулдап кулаган таштардын доошу, ара чолодо адамдын кыңкыстаган үнү угулат.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.