Кара-Балтада таежеси менен урушкан 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип, каза болду

Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 18-октябрь күнү өспүрүм кыз 5-кабаттагы батирдин балконунан секирип кеткен. Анын өз өмүрүн кыйуусуна таежеси экөөнүн урушу себеп болгон.

Тургундар белгилегендей, каза болгон кыздын ата-энеси чет өлкөдө иштешет. Ал эми кыз Макаренко атындагы №10 лицейде окуп жана туугандары менен жашап жаткан.

Булак: «Турмуш»