Эл аралык байкоочулар шайлоонун тынч өткөнүн чоң жетишкендик деп баалашты

15-октябрда, Кыргызстанда чоң тарыхый окуя – президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-октябрга карата берген маалыматы боюнча бул жолу 3 025 770 шайлоочу шайлоо тизмесине киргизилип, КР Президентин шайлоого жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызы,1 млн. 692 миң 423 шайлоочу катышты. Шайлоочулардын эң көп добушун – 54,81%ын алган Сооронбай Жээнбековду алгачкылардан болуп, Россия Федерациясынын Президенти В.Путин, РФ премьер-министри Д.Медведев, Өзбекстандын Президенти Ш.Мирзиёев, Казакстандын Президенти Н.Назарбаев куттукташты. Куттуктоолор уланып жатат.

Президенттик шайлоого 11 талапкер: А.Б.Абдылдаев, А.К.Малиев, Э.З.Зарлыков, Т.А.Сариев, Т.Ш.Масадыков, Ө.Т.Бабанов, А.К.Мадумаров, С.Ш.Жээнбеков, У.Т.Кочкоров, А.А.Бекназаров, Т.Ж.Үмөталиева ат салышып, А.Бекназаров акыркы мүнөттөрдө жарыштан чыккандыгын билдирди. Бирок, БШК аны президенттикке талапкерликтен алып салууга кеч болуп калгандыгын айтып, 15-октябрда А.Бекназаровго да добуш бергендер болду.

Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салган байкоочулар көп күттүрбөй эле өз баасын беришти. КМШ өлкөлөрүнүн атынан келген байкоочулар миссиясы Кыргызстан шайлоону уюштуруу технологиясы жагынан КМШнын бир топ өлкөлөрүнүн алдыга кеткен деп билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин байкоочулары шайлоо тынч өткөнү өзгөчө жетишкендик болду деген оюн айтты. Айтымда Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк парламенттик ассамблеясынын байкоочулары да ушуга үндөш пикирди айткан. Ал эми Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары болсо кемчиликтерге басым жасашты.

Президенттик шайлоого карата жергиликтүү байкоочулар, бейөкмөт уюмдар да өз баасын берип жатышат. Алардын арасында өтө олуттуу сын айткандары жок. Ошентсе да, “Жарандык платформа” коомдук уюмунун өкүлү шайлоочулардын аз келгенин баса белгиледи. Чындыгында да шайлоо тизмесине киргизилген 3 025 770 шайлоочунун болгону 1 млн. 692 миң 423ү – 55,93 пайызы (алдын ала эсептөөлөр боюнча) гана келип добуш бергени ойлончу маселе. Эгер, көптөгөн жарандарыбыз биометрикалык каттоодон өтпөй калып, шайлоого катыша албай калганын эске алсак, шайлоого катышпаган шайлоочулардын саны дагы өсөрү бышык. Айрымдарга шайлоочулардын шайлоого аз катышканы кадыресе, мыйзам ченемдүү көрүнүштөй сезилиши мүмкүн. Бирок, бул жагдай Борбордук шайлоо комиссиясын гана эмес, ошондой эле жалпы эле коомчулукту ойлонтушу керек. Мамлекеттин тагдыры чечилип жатШайлоочулардын шайлоого аз катышкандыгында Мамлекеттик каттоо кызматы менен катар эле, БШКнын да тийиштүү деңгээлде жоопкерчилиги бар экени талашсыз. Биздин ынанымыбызда, Борбордук шайлоо комиссиясы калайык-калкты шайлоонун мамлекеттин турмушундагы орду жана ролу тууралуу маалыматтар менен толук камсыздай алган жок. Мамлекет тарабынан президенттик шайлоого жетиштүү каражат бөлүнгөнүнө карабастан, БШК маалымат жагынан көп аксады. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу жана таза шайлоого байланышкан үгүт иштерин телекөрсөтүүгө эле берип тим болбой, гезиттерди да кеңири пайдаланса болмок. Элдин баары эле БШКнын шайлоого карата чыгарган ролигин күтүп, телевизор тиктеп отурбайт да. Муну БШК мындан ары эске алат деген ойдобуз. Бул бир. Экинчиден, БШК бирдиктүү команда катары иштей алдыбы деген суроого да бир жактуу жооп табуу кыйын. Албетте, иште ар кандай көз караштар, позициялар болот, аны түшүнөбүз, арийне БШК төрайымы жана анын пикирлештери өз оппоненттерине маалыматтык жактан алдырып коюп жатышты.

Деги эле, президенттик шайлоонун жүрүшү жана талапкерлердин үгүт иштериндеги ар кыл жагдайлар өлкөнүн шайлоо менен байланышкан мыйзамдарын кайрадан карап чыгып, айрым бир толуктоо, алымчакошумчалар зарылдыгын да тастыктады. “Көч бара-бара түздөлөт” дегендей, бул деле буюрса оңдолуп-түздөлө турган, колдон келе турган нерсе.

талапкерлерге добуш берүүдө көзгө дароо урунган нерселер эмнелер? Биринчиден, кара пиарлар көп болду. Адатта, акындар: “Тоолордун бийиктигин даңазалаш үчүн, сөзсүз эле талаанын жапыздыгын айтыштын кереги жок” дешет. Анысы кандай, кийинкиде президенттикке талапкерлер жана талапкерлердин штабы кара пиарга көбүрөөк басым жасабаса деп айткыбыз келет. Кыргызстан алакандай эле жер, аз элбиз. Болгону 6 миллионбуз. Жер шарынын калкы 8 миллиардга чукулдап калды, бул деген Кыргызстанда бир кочуш эл жашайт дегенди билдирет. Анан ошол 6 миллион киши бири-бирине кыйынсып, чокчоңдой берсе, кайсы абдыракат калат. Президенттикке талапкерлерде да маселе жок, социалдык түйүндөрдө отурган президенттикке талапкерлердин үгүттөөчүлөрү оозунан ак ит кирип, сары ит чыгып, өз тарапкеринин атаандаштарын каргап-шилеп отурса, бул жакта туруп, өзүң жаман болот экенсиң. Эми алар акыл-эсине кире элек, саясый жактан быша элек, эч ким тааныбаган бирөө болсо да, бир жөн, аты таанымал эле адамдар 50-60тан эбак өтүп, пайгамбар жашына келип калганын унутуп, сакалын сүйрөп, камчысы менен тап берип жатканын көрүп, ыйман, абийир, адеп жөнүндө ойлонот экенсиң. Президент бул жылды “Адеп, ыйман жана маданият жылы” деп жарыялаганы эстен чыгып калдыбы?!

Өздөрүн жердин киндиги сезген мына ушул топ үгүт-насаат иштеринин учурунда тарапкеринин атаандашына асылып келгени аз болуп калгансып, шайлоо өткөн соң, социалдык түйүндөрдө отуруп алып, эми анын жерине, элине асылып, акаарат айтып жатышат. Бул жаман жосун. Эгер, бул кутумчул топ ушунусунан тайбай, чагымчылдыгын уланта берсе, эл арасына жарака кетип калышы ыктымал.

Элде: “эсиң барда этегиң жап” деген кеп бар. Учурда маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековду өз айлынын жана өз районунун шайлоого катышкан шайлоочулары дээрлик 100% колдоп добуш бергени талкууга алынып, айрымдар аны демократиялык баалуулуктарга түшкөн көлөкө катары баалап жатат. Албетте, муну ар ким ар кандай кабыл алышы ыктымал. Бирок, бул элибиздин кылым карыткан каада-салт көрөңгөсүн, элдин элдигин, ынтымак-биримдигин көрсөткөн нерсе.

Акыркы 25 жылда Кыргызстанда шайлоо учурунда, бир үй-бүлөдө алтоо болсо алтыга чачырап, атасы бир талапкерге, энеси бир талапкерге, баласы башкага, келини өз төркүнү тарапка, кызы да бирөөгө добуш бергенине күбө болдук. Арийне, демократиянын бул баалуулугу элдин кылымдардан бери наркнасилине, үй-бүлө ынтымагына урулган сокку болгон. Андыктан, демократия деп эле, калпагыбызды тамдын үстүнө ыргытып ийип, жылаңбаш жаандын алдында калган туура эмес. Суук тийип, ооруп калышыбыз ыктымал. Демократия улутту улут кылган баалуулуктарга шайкеш келгени дурус. Кыргыз бир жакшылыкта, бир жамандыкта бир асабанын алдында бириге калган. Президенттик шайлоо мына ошол оомат, жакшылык. Эгер, ушундайда эл өзүнүн биримдигин көрсөтө албаса, анда качан көрсөтөт. Ал эми парламенттик шайлоонун, жергиликтүү шайлоолордун жөнү башка. Анда бир райондон чыккан бешалты азамат бир орунга талапкер болуп, атаандашып калат.

Ушул жерден бир болгон окуяны айтуунун удулу келип турат. 1997-жыл бекен, айтор 90-жылдардын аягында Түгөлбай Казаков Таластагы шайлоо округунан ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына талапкерлигин коюп, шаардан бир топ адамдар аны колдоп барып калдык. Ошондо ал негизги атаандашынын айылында үгүт иштерин да жүргүздүргөн жок, ал айылдагы шайлоо участкасына байкоочу да койдурбады. “Ал менин негизги атаандашымдын айылы. Добуш алам деп, бир айыл элди экиге бөлгүм келбейт. Эртең биз кетебиз, а айылдыктар чогуу жашаш керек” деди. Биз ошондо Түгөлбайдын кеменгердигине таң бергенбиз.

Айтор, бул жолку шайлоо бизге көп сабак берди. Кыргыз эли мыкты азаматтардан уучу куру эмес экендигин көрсөттү. Кыргыз саясатындагы жаңы ысымдар катары шайлоодо 10 594 добуш алган Таалатбек Масадыков менен 8 363 добуш алган Улукбек Кочкоровдордун ысымдарын атайт элек. Болочок Президент бул идиректүү ойлору бар атаандаштарын өз тарабына тартса жаңылбайт деген ойдобуз.

Азырынча, 15-октябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы айтыла элек. Мыйзам боюнча ал күн деле алыс эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкса эле, жаңы шайланган Президенттин инаугурациясы качан болору белгилүү болот.