Бишкекте “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” өтөт

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте  “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жумалыктын алкагында уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерип, консультация берет. Иш-чара 1-ноябрга чейин уланат.

Акция Бишкекте Республикалык урология илимий борборунунун базасында 09:00дон 15:00гө чейин өтөт. 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу. Уролог жана андрологдордун кабыл алуусуна облустук ооруканалардын урология бөлүмдөрүндө да келүүгө болот.

Адистердин айтымында, акыркы мезгилде эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөн. Бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири болгондугуна карабастан, алардын 8% гана дарыгерлерге кайрылышат.

Булак: «Марал»