Азык-түлүк коопсуздугун коргойлу десек…

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагынын учурдагы абалы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Республиканын үрөнчүлүк чарбалары сертификацияланган үрөндүн болгону 30 пайызга жакынын гана өндүрүп келе жатат. Азыркы учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, биринчи кезекте буудайдын үрөнү менен дыйкандарды толук камсыз кылууга үрөн чарбаларынын сугат айдоо жерлери жетишпейт”, — дейт Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин Дыйканчылыкты, үрөнчүлүктү жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев. Аталган министрликтин нечен жылдык тажрыйбасы бар адисинин үрөн көйгөйү тууралуу пикирин гезитибизге жарыялоону туура көрдүк.

– Илим жана практика көрсөткөндөй, буудайдын үрөнү менен үрөнчүлүк чарбаларын толук камсыздоого 40 миң гектар сугат жер талап кылынууда. Ал эми алардын балансында болгону 27,7 миң гектар сугат жери бар. Ошондой эле бардык айыл чарба өсүмдүктөрүн үрөндөр менен толук камсыздоого республикада жалпысынан 70 миң гектар сугат жер аянты болушу керек. Дал ушул жер аянтынын жетишсиздигинен үрөн чарбалары которуштуруп айдоону колдоно албай жатышат.

Белгилеп кетүү керек, Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин фондунан ижарага берүү тартиби жана шарты тууралуу типтүү жобого КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ал боюнча үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименталдык чарбалар, илим-изилдөө, селекциялык тажрыйба, сорт сыноо жумуштары жана айыл чарба кооперативдерине конкурсу жок негизде суу баскан жерлерди ижарага берүү мөөнөтү 20 жылга чейин узартылган болчу. Тилекке каршы, бул токтом жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбай жатат. Ушул сыяктуу бир топ көйгөйлөрдүн кесепетинен жыл сайын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн себүү талаалары кыскарып, өндүрүлгөн үрөндүн көлөмү азаюуда. Алсак, 2011-жылы 24,8 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддүү жана сорттуу себүү талаалары көзөмөлдөнгөн болсо, 2012-жылы 20,0 миң, 2013-жылы-18,5 миң, 2014-жылы 16,8 миң, 2015-жылы 14,5 миң, ал эми 2016-жылы 11,5 миң гектар аянтты түзгөн. Селекциялык иштердин натыйжалуулугу бир кыйла төмөндөп кетти. Акыркы 10 жылда кыргыз селекциясында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддүү жана сортторду түзүү саны такай ылдыйлоонун үстүндө. Ал эми башка өсүмдүктөр – жүгөрү, кант кызылча, пахта, бир жылдык, көп жылдык чанактуу тоют жана мөмө өсүмдүктөрүнүн селекциялык иштери биротоло токтогон.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери агрардык тармактын, анын ичинен жер реформасынын туура эмес жүргүзүлгөндүгүнөн Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институтунун эксперименталдык тажрыйба чарбаларынын жана тажрыйба селекциялык станцияларынын жоголушуна алып келди. Мунун натыйжасында сугат айдоо аянттарынын көп пайызы жоголуп, Кыргызстанга көнүктүрүлгөн (райондолгон) буудай менен арпанын дээрлик 75 пайыз үрөндөрүнүн баштапкы үрөнчүлүгү жүргүзүлбөй калды.

Ушул эле себептерден улам, республикада “Чуйский – 62”, “Ала-Тоо”, “Октябрьский – 70” жана “Манас” сыяктуу кыргыз селекциясынын жогорку сорттуу жүгөрү гибриддеринин баштапкы үрөнчүлүгү толугу менен токтоп калды. Булардын ордуна массалык муундагы төмөн түшүмдүү гибриддер себилип келүүдө. Ата мекендик селекциядагы буудайдын айдоо аянттары барган сайын азайып баратат. Мурда булардын аянты жалпы айдоо аянттардын 75 пайызын ээлеп турган болсо, ал эми азыр алардын салыштырмалуу салмагы 54 пайызды гана түзүп калды.

Өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн кондициялуугун көтөрүү боюнча негизги милдеттерди айта кетели. Биринчиден, республиканын үрөнчүлүк чарбаларына зарыл болгон мыйзамдык жана башкаруучулук иш-чараларды кабыл алуу, сертификацияланган үрөндөрдүн пландаштырылган көлөмүн өндүрүү үчүн сугат айдоолорду бөлүп берүү керек. Экинчиден, үрөнчүлүк менен ишмердүүлүк жүргүзгөн фермерлерге семинарларды өткөрүү, үрөндүн сапатын көтөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. 2017-жылы ушул ишчаралардын натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу сертификацияланган үрөндүн саны Нарын облусунда 28,9 пайызга жана Ысык-Көл облусунда 35,7 пайызга өстү.

Үчүнчүдөн, ата мекендик селекция жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баштапкы үрөнчүлүгү азыркы учурда өтө оор кырдаалда турат. Буларды колдоо боюнча координалдуу чаралар көрүлбөсө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чет өлкөлүк тапшыруучуларга көз каранды болуп калуу коркунучу бар.

Өлкөнүн аталган тармагынын боорун жерден көтөрүү үчүн төмөндөгүдөй шарттар керек. Үрөнчүлүк жана мамлекеттик сорт сыноо станцияларына жана участкаларына узак мөөнөткө лизинге техникаларды сатып алууну жолго коюуну кечиктирбөө керек. Мамлекет жана жеке өнөктөштүк программасы аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн менчик селекциясын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Андан тышкары, эл аралык инвестиция жана донордук жардамдарды тартуу кажет. Экинчи репродукциядагы буудайдын сертификатталган үрөнүн себүү үчүн өндүрүп жана саткандын баасынан 30 пайыздык өлчөмдө дотация механизмин киргизүү жолу менен мамлекет үрөнчүлүк чарбаларын колдоого албаса болбойт. Азыркы убакта Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлиги тарабынан КР «Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоого алуу жөнүндө» мыйзамынын долбоору даярдалды. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып кетсе, республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп ойлойбуз. Андан тышкары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн керектүү үрөндөрүн өндүрүүдө алардын көлөмү көбөйөт. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоону тездетүү керек. Ошондой эле, Чүй жана Ош облустарынын үрөнчүлүк чарбаларын беденин үрөнүн өндүүүгө адистештирүү, Нарын, Ысык-Көл облустарында эспарцеттин үрөнүн, ал эми Жалал-Абад менен Талас облустарында жогоруда айтылган эки өсүмдүктүн үрөнүн өндүрүүгө шарттарды түзүү зарыл. Ал үчүн үрөнчүлүк чарбаларды кооперацияларга бириктирүү процессин ыкчамдатпаса болбойт. Кыргызстанда заманбап үрөнчүлүк чарбаларды уюштуруучу учур келди. Жакынкы келечекте күчтүү үрөнчүлүк компанияларын түзүп, республиканын фермерлерин камсыздоодон тышкары сапаттуу үрөндөрдү эл аралык рынокко чыгарууга болот. Анткени, союз учурунда Кыргызстандын үрөнчүлүк индустриясы эң жогорку деңгээлде өнүгүп, үрөн экспортун гүлдөткөнүн унутпашыбыз керек.