Теле алып баруучу Салтанат САМАТОВА: «Жакшы адамдар дүйнөнү жарык кылат»

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Жан дүйнөм менен берилип, чын дилимден, жогорку сапатта иштөөгө басым жасайм, ошого умтулам. Эгерде ишти натыйжалуу аткара албай калсам, анда аябай өкүнүп, өзүмдү урушам. “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” механизмин жактайм. Кол учунан жасалган жеңил-желпи ишти жактырбайм” дейт өз сөзүндө маектешибиз Салтанат САМАТОВА.

“Чыгармачылык – менин саякатым”

Мен төрөлгөн жылы “Салтанат” деген кыргыздын алгачкы көркөм фильми абдан популярдуу болуп жатыптыр, атам ошол тасмага абдан таасирленип, атымды “Салтанат” деп койгон экен. Атыма жараша кесибим тандалып, өмүрүм да жалаң шаң-салтанат менен коштолуп калды. Кичинемде ырдаганды, дегеле музыканы абдан баалап, жакшы көрчүмүн. Радиодон, теледен ырларды кызыгып угуп, кошо ырдай берчүмүн. Кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип окудум. Мектепти бүткөн соң, И.Арабаев атындагы университетти аяктадым. Кесибим боюнча музыка мугалимимин. Бирок, адистигим боюнча иштеген жокмун. Өмүр бою эле музыка, чыгармачылык дүйнөсү менен аралаш болуп, саякаттап жүрөм. 1994-жылдан тартып КТРКнын алдындагы Кыргыз радиосуна кирип иштеп калдым. Кийинчерээк, тагыраагы 1996-жылы “Европа пльюс” радиосунда эмгектендим. Соңку үч-төрт жылдан бери Коомдук телерадио берүү корпорациясында “Акыл Ордо” теледолбоорунда алып баруучу болуп иштеп жатам.

“Акыл Ордо” теледолбоору баёо кыялымды орундатты”

– Музыкалык мектепти аяктап жатканда акыркы коңгуроо майрамында музыкалык программа уюштурганбыз. Кечеде алып баруучулук милдет мага тагылган. Ошондо бир мугалимибиз: “Сенин дикциян жакшы экен” деп айткан. Мен анда буга көп деле көңүл бурган эмесмин. Дегеле, алып баруучу болом деген ой да жок эле. Уялчаак мүнөздө болуп, ал гана эмес эл алдына чыгып сүйлөгөндөн тартынчумун. Ата-энем мугалим болчу. Максатымда мен да мугалим болгум келчү. Жылдар өттү. Бирок, бала кезде дегдеген мугалимдик кесипти аркалабасам да, азыр “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып жатканда өзүмдү мугалимдей эле сезем. Экрандан көшөгө артындагы көп көрүнүштөрдү көрсөтпөгөнү менен биз программаны даярдап жаткан учурда балдар менен аябай иштешебиз. Съемкага даярдык убагында балдар менен маектешип, тамашалашып, ал гана турсун сырдаша да алабыз. Мен алар менен мугалим эжеси сыяктуу эле баарлашам. “Силердин эжеңермин, керек болсо досуңармын. Мага ой-пикириңерди тартынбай айтып, сүйлөшкүлө” деп айтам. Кеп- кеңештерим менен бөлүшүп, ойлорумду ортого коём.

Өкмөттүк наамдан да өйдө турган өзгөчөлүк”

– Азыр “Акыл Ордо” аябай кызыктуу өтүп жатат. Бардык региондун мектептеринен окуучулар келип катышууда. Биздин программа аларга жаңы тажрыйба, жаңы дем-күч болуп, шыктандырып жатканын байкоого болот. Кечээ жакында эле Ат-Башыдан келген окуучулар мага атайын ыраазычылык кат жаза келишиптир. Аябай кубанып, жүрөгүм жылып, жакшы маанайда болдум. Балдардын ыраазычылык каты Өкмөттүк наамдан да өйдө көрүндү мага… Жасап жаткан эмгегиңе карата алкыш сөз уксаң, башкаларга керек экендигиңди сезсең, жок дегенде аткарган ишиңден бир адам жакшы таасир, мотивация алса, бул өзүнчө сыймык, кубаныч. Биздин иште эфирге чейинки убакыт аралыгында кан- чалаган кыйынчылыктар түзүлөт. Ар кандай кырдаалга карабастан, биз бир команда, бир күч болуп, дал ушундай эл көңүлүнөн түнөк таап, кызыгуу менен көрө тургандай сапаттагы телепрограмманы даярдап, иштеп жатабыз. Окуучулар, алардын ата- энелери мага жакшы сөздөрүн арнап, ыраазычылык билдирген сайын бийиктикке чыккандай болом. Бул кырдаалды көкөлөбөй, көөп кетпей көтөрө да билиш керек. Эл алкышын баалап, кармай билүү – баарынан маанилүү.

“Ак бата менен алкыш сөз көп угам”

– Өзүмдү чексиз бактылуу сезем. Медер туткан үй-бүлөм, таяныч болгон ата-энем, бир туугандарым, уул-кызым жана өзүм сүйгөн кесибим бар. Теле алып баруучу, радио алып баруучу болдум. Элдин алкышын алып, ар кандай жакшылыктарда да алып баруучу болуп жүрөм. Дайыма жакшы сөз угам, аксакалдардан ак бата алам. Кандай гана адамдардын жанында жүрөм. Алардын арасында аты легендага айланган инсандар же жөнөкөй эле кызматкер, мамлекетибиздин өсүп-өйдөлөшү үчүн эбегейсиз эмгек сиңирген кадырлуу адамдар бар. Алар менен жакындан аралашып, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүм бар. Бул Кудайдын берген эң кымбат белеги деп эсептейм. Мындай бакубат көз ирмемдерге баары эле жете бербейт. Аткарган ишим абдан кызыктуу, ал аркылуу жашоом да кызыктуу жана жагымдуу.

“Көтөрүмдүүлүк – көп көйгөйдүн таянычы”

– “Өз партиясына эмес, өзүнө таянган министрди эл баалайт” деген англис ди- пломат, жазуучусу Филипп Честерфилддин жакшы сөзү бар. Балким, тажрыйбам азыраак жаш кезде жумушта катачылыктарга да көбүрөөк орун берсем керек. Кантсе да, робот эмеспиз. Жылдар өткөн сайын ар бир маселеге кылдат жана кыраакы көз карашта кароого туура келет. Сабырдуулук пайда болот.

Мен туура айтылган сын-пикирди кабыл алып, андан туура жыйынтык чыгарууга аракет жасайм. Эгерде мени жөнү жок жерден жамандап, жалаа жаап жатса, өзүмдүн чындыгымды айтып, ал жерге акыйкат чекит коюуну көздөйм. Жетекчилик менен көз караштарым келишпей, кагылышкан убактар болгон жок. Андай сапат менин мүнөзүмө таандык эмес. Өзүмдү токтоо алып жүрөм. Эч кимге жаман айтып, урушпайм, таарынып, кек сактабайм. Ар бир адамдын ой-пикирин сыйлайм да, өзүмдүн жолум менен кете берем.

“Аты чыккан адамдын артында да жалкоолук бар”

– Чогулуштарга, жыйындарга көп катыша беребейм. Эркин иш-графигин жактырам. (Күлүп…) Өзүм жалкоомун. Съемка болоордо да менин графигимди тактап туруп коюшат. Эркин иштөөгө көнүп калгам. Эртең мененки саат: 8.00дөн кечки 18.00гө чейин иштеп көргөн эмесмин.

Өмүрдүн кымбаттыгы – ден соолукта”

– Күнүмдүк муктаждыктарды албетте, акча чечет. Бирок, акча- нын артынан сая түшүп алуу болбойт. Жашоодогу эң чоң байлык – ден соолук менен аманчылыкты же чыныгы достук менен тууганчылыкты акча менен сатып алууга мүмкүн эмес. Алар Кудайдын берген баа жеткис белеги. Акча – колго тийген чаң, жууп койсоң кетип калат. Өмүрдүн кымбаттыгы – ден соолукта экендигин жакшы билем. Саламаттыгыма байланыштуу азыр көп нерселерден четте калып калган учурлар болот. Эгерде мага эки чоң мүмкүнчүлүк берилсе, ден соолук жана аманчылык сураар элем.

“Жакшы адамдар – бул жашоонун маңызы”

– Жакшы тилектүү, жакшы ниеттүү, руханий дүйнөсү бай адамдар сүйлөшө келгенде жагымдуу, кызыктуу. Андай адамдардын жүзүндө нур сымал жарыгы бар өңдөнөт. Алар ар дайым ажарлуу, сулуу жана жылдыздуу. “Жакшы адамдар – бул өмүрдүн маңызы” демекчи, алар дүйнөнү жашкыртып, тазартып тургансыйт…

Теле алып баруучу Салтанат САМАТОВА: «Жакшы адамдар дүйнөнү жарык кылат»: 2 комментария

Комментарии запрещены.