Зарема МИДИНОВА, Мидин Алыбаевдин кызы: «Мен анын өтө жакын адамым, атам экенин туюп, көз албай тиктеп турдум…»

Жыпар ИСАБАЕВА «Кыргыз Туусу»


Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин бир кызы Зарема Мидинова КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бир канчалаган балдар китептерин жасалгалап, анын ичинде 2000-жылдардагы «Алиппе» окуу китебиндеги бардык сүрөттөрүн тарткан таланттуу сүрөтчү. Өзүнүн айтымында, бул өнөр ага атасынан – Мидин Алыбаевден калган. Зарема айым учурда өмүрлүк жолдошу Ильяс Кылычбеков мырза менен Бишкек шаарында жашайт жана бир кыз, бир уулдун бактылуу ата-энеси. Улуу акындын 100 жылдык мааракесин утурлап, окурмандарга биз ушул сандарыбызда акындын кызы Зарема Мидинова жана өз алдынча Мидин изилдөөчү, күйөө баласы Ильяс менен акындын тирүү кезиндеги жашоо-турмушу, үй-бүлөсү, жубайы, бала-чакасы, чыгармачылыгы, каза болушу жана акындын артында калган жашоосу, ж.б. тууралуу маегибизди сунуштайбыз.

– …Бала кезде мен таята-таянемдин колунда өскөндүктөн, өз ата-энемдин ким экенин билсем деле, анчалык боор тартчу эмесмин. Ошондуктан: “Ий, мурдун кара, Мидиндин эле өзү…” – деп бирөөлөр окшоштуруп калышса: “Жок, мен Кудайбергендин кызымын!” – деп таятамды айтып, чычалап кетер элем. Бирок атамдын жаңы китептери чыккан сайын ичимден тымызын кубанчумун. Айрыкча балдарга арналган “Эмне үчүн короз таң алдында кыйкырат?” деген китеби чыкканда курбуларымдын алдында көкүрөгүмдү көтөрө: “Бул – менин жездемдин китеби!” – деп мактанып, сыймыктанып, сүйүнүп жүргөнүм эсимде.

Таятам менен таянемди “ата-апа” деп, ал эми өз ата-энемди “эже-жезде” деп өстүм да. Анткени мен төрөлгөн кезде апам – Жыпариса болгону жыйырма жашта, анын үстүнө студент болчу экен. Ошондуктан таянемдер: “Кой, балам, сен окууңду окуп ал. Бала баары бир силердики. Биз багып берели”, – деп мени өздөрүнө алып алышыптыр. Ошондуктан мен таятамдын кызы болуп, бир туугандарымдан бөлөк, Жумгалдын Чаек айылында чоңоюп-өстүм.

– Атаңыз менен соңку жолугушууңуз эсиңиздеби?

– Атамдын ошол элеси али да көз алдымда турат. Үч-төрт жашта болсом керек. Бир убакта эле, эшиктен кара тору, коюу чачы ушундай бир башкача таралган киши кирип келди. Айтпаса деле, анын мага өтө жакын адам экенин, атам экенин туйдум. Тирмийип тиктеп турдум. “Кызым менин! Келчи, бир жыттап алайынчы?” – деп канатын жайды ал. Мен да кучактагым келди. Чуркап жетип, мойнуна бекем оролгум, жыттагым келди десең. Бирок эки жагымды карадым. “Кокус, апам-атам көрүп калсачы?” – ушул ой мени токтотуп, байлап турду. “Эч ким жок, эч ким көргөн жок, келсең?” – деди атам да оюмду окугандай. Мен баары бир башымды чайкап, артка кетенчиктедим. Ал шашкалактап кетти. Чөнтөгүнөн шоколад алып чыкты.

Көздөрүм жайнай түштү, шоколадды абдан жакшы көрчүмүн. Дале эсимде – сары түстүү, тыйын чычкандын сүрөтү бар кагазга оролгон, алакандай болгон шоколад. Ал кезде андайды чанда жечүбүз да. “Карачы, сага алып келдим. Мага келсең, өптүрсөң ушуну берем”, – деди. Мага баары бир тең, атамдын колундагысы бир тең болуп кетти да: “Мейли, апамдар көрсө, көрө берсинчи!” – деп, атамдын кучагына чуркадым. Эсимде, ал мени бекем кучактап алып өпкүлөп жатты, чачымдан шорулдата жыттагылап жатты… Ошондон кийин аны көргөн жокмун.

– Таятаңыз да жөн адам болбоптур?

– Ооба. Кудайберген Карымбаев деген, биринчилерден болуп балдар үйүн ачкан, сатиралык чыгармаларды, ырларды жазып, китептери чыккан жазуучу болгон. Ал кезде Ленин орденин алыш өтө чоң сыймык эле да, эки ушундай ордени бар эле. “Мен ушундай адамдын кызымын”, – деп таятам менен да абдан сыймыктанчумун. Апам (Жыпариса – авт.) жаш кезинде абдан сулуу, назик кыз болчу экен. Атам ала качып алыптыр. Кызын ала качып кеткенин уккан таятам: “Кызымды бербейм”, – деп мылтыгын алып чуркап, абдан чуу салганын айтышчу. Бирок айылдын эли арачага түшүп, экөө жашап калышкан экен.

– Канча балалуу болушкан?

– Бирге түтүн булатышкан аз убакытта менден башка үч кыз, бир уулдуу болушкан. Башка бир туугандарым шаарда чоңоюшту да. Алар айылга келген кези кызык болор эле. Мага бир башка дүйнөдөн келгендей эле сезилишчү. Анткени, биздикинен таптакыр башкача көйнөктөрдү кийип келишет десең. Буттарында бантиктери бар, “тырс” этмелери бар башкача, кыпкызыл босоножкалар. Кармалап көргүм келип… Бирок антчү эмесмин, намыстанчумун. “Ий, кандай сонун экен!” – дешке да мойнум жар берчү эмес. Качан алар уктагандан кийин Дамира деген сиңдим экөөбүз барып, кармап көрөр элек.

– Дамира кимдин кызы эле?

– Ал таяжемдин кызы. Аны да таятамдар баккан. Азыр Билим берүү жана илим министрлигинде иштейт. Аны үч жашында алышыптыр, мени болсо төрөлгөндөн эле багышты. Апама (таянесине – авт.) каалагандай эркелечүмүн. А бирок өз апаңдан оолак болуп калат экенсиң. Өз апам эки жыл мурун эле, сексен алтыга чыгып каза болду. Өзүм багып, карап жүрдүм. Бирок канчалык эркелегим, кучактагым келсе да, такыр батына алчу эмесмин. Иштеген кезде эң жакшы көйнөктөрдү, жоолуктарды тандап алып барар элем. Апам кийип, кубанып калса ушунчалык бактылуу болчумун. “Кызым, рахмат, ушу сени ырас эле төрөп алыпмын”, – деп ыраазы болуп калчу. Анда деле канчалык төгүлүпчачылып, энем катары эзилип-элжирегим келсе да, анте албай койдум да. Ушул менде азыр көкүрөгүңдү өйүгөн өксүк, өкүнүч болуп калып калды.

Айтмакчы, бизден улуу, атамдын биринчи жубайынан Тополоң деген эжебиз болгон. Аны көзү өтүп кетти. Андан кийин экинчи жубайынан Анара деген эжебиз бар. Күүлүүкүчтүү, катышып турабыз.

– Апаңыз канча жашында жесир калды? Турмушка чыккан жокпу кийин?

– 28 жашында калыптыр. Атам 42синде кеткен экен. Мен 9га чыкан кезим. Апам байкуш ошону менен беш баланын бүт түйшүгүн жалгыз өз мойнуна алып, бүт өмүрүн балдарына арнап койду. Ошондо да абдан назик, жумшак, тартынчаактыгы калган жок. Ошондуктан ары-бери чуркап: “Мен баланчанын аялымын”, – деп жардам сурап, сыйлык-наам сурап кайрылган жок. Балдар менен алышып, ошолорду чоңойтом деп жүрүп эле күлгүн жашын өткөрүптүр. Баарыбызды чоңойтуп, окутуп, орду-ордубузга койду.

Апамдын мына бул ыры эле жапжаш курагында башына келген жесирликтин азабын айтып турбайбы:

“Мен мезгилсиз өткөн акын жубайы,
Таалайыма жесир калуу жазылып.

Таттуусунан көп болсо да убайы,
Жашап келем өмүр гүлдөй ачылып.

 

Аз гүлүмдү үзүп алып жыл сайын,
Коюп жүрдүм кабырыңдын башына.

Кайрат кылып жазган ырың күн сайын,
Өстүрөмүн, балдарыңды татына.

 

Караңгы түн жалгыздыгым ызалап,
Ай шооласы: “Ыйлаба”, – деп сооротот.

Таң шоокуму тереземди шыкаалап,
Күндүн нуру кытыгылап ойготот.

 

Жаздын айы мага буруп жамалын,
“Көөнөрбө”, — деп муңдуу жүзүм сылашат.

Оор тагдырым колго берип таягын,
“Тайгаланбай басабы?” – деп сынашат.

Кол кармашып бирге жүрүп балдарым,
Андан ары кетер жолун улашат…”

Сиңдилеримди бири – Мээрим өтө мыкты журналист, котормочу, бирок азыр пенсияда. Өз алдынча үйдө отуруп алып интернет аркылуу кызматташып, чыгармачылыгы менен алектенип жүрөт. Бир сиңдим –  илолог.

Герман Гмайнер атындагы балдар айылында апа-тарбиячы болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыкты ал дагы. Инибиз Медер архитектор болуп иштеп жүрөт. Мен болсом сүрөтчүмүн. Баарыбыз ушундай чыгармачыл адамдарбыз. Биз үчүн материалдык дүйнө маанилүү эмес. Биздин атабыз да, апабыз да ушундай адамдар болгон.

Бир жолу бирөөлөр Москвадан килем алып келип саткан го. Ал кезде, 1956-58-жылдардын аралыгында, жакшы килемдер да оңой менен табылчу эмес. Апам жанталашып чуркап жүрүп, атамды сүйүнтөйүн деп, алып келип илип койгон тура. Бирок атамдын эмне дегенин укпайсыңбы: “Эмне бул? Эмне, мени ушуну карап отуруп ыр жазат дедиңби?” – деген тура.

Ошол эле учурда менин бактым, менин жашоодогу эч нерсеге алмашкыс байлыгым, бактым – мени түшүнгөн, менин ата-энемди менден мурун жана менден мыкты билген жакшы адамга жолукканым. Ал менин жолдошум – Ильяс. Айтмакчы, бизди атабыздын ырлары жолуктурган…

Зарема МИДИНОВА,

Мидиндин кызы:

– Жолдошум биз таанышканга чейин эле атамдын ырларын жатка билип, Мидин Алыбаев дегенде ичкен ашын жерге койчу экен. Жада каса атам тууралуу ал кезде мен да анчалык билчү эмесмин. Себеби, бизди орусча сүйлөгөндү үйрөнсүн деп, байкуш таятам эмнени гана кылган жок. Айылыбызда жалгыз бир орус бар болчу. Ошонун Люба деген кызын дайыма биздин үйгө: “Кызым менен ойносун, кызыма орусча үйрөтсүн”, – деп сурап алып келчү. Бирок мен ага кыргызча үйрөтүп койгом. Кыргызча так сүйлөчү. Анан 1-класска да орус мектепке берди. Мугалимдердин баары кыргыз. Орусча окутуп, кыргызча урушуп жатып үйрөтүшөт.

Баарынан кызыгы, ошол кезде Москва мамлекеттик университетинин студенттери келип бизге орус тили менен орус адабиятынан сабак берип, практикадан өтүшөр эле. Бизди мына ушулар бузуп кетишти. Орус адабиятын, орус тилин кату сүйдүрүп, кызыктырып, “башыбызды айлантып” коюшту. Кыргыз тили, кыргыз адабияты экинчи планда калып калды. А бирок Ильяс Чүйдө, жалаң орустардын арасында чоңоюпөскөнү менен “киргиз” болбой калган. Аны ушундан кыргыз адабияты, анын ичинде атамдын чыгармалары сактап калганын өзү да айтат.

Ильяс КЫЛЫЧБЕКОВ, Мидиндин күйөө баласы:

– А биз Мидиндин ырлары менен чоңойдук. Кыздарга кат жазганда да Мидиндин ырлары менен жазчубуз. Ал кезде биздин айылда (Орто-Сай айылында — авт.) кары дебей, жаш дебей, колдон-колго өткөрүп, кадыр-көңүл салып сурашып, талашып окуган эки эле мыкты китеп бар болчу. Бири – Мидиндин сырты кызыл ыр жыйнагы, экинчиси – 30-40 басма табактуу “Миң бир түн” деген китеп. Экөө тең меники болчу. Мен аларды мектептин китепканасынан уурдап алгам. Мен бала күнүмдөн китеп окуганды ушунчалык жакшы көрөм. Мектепте окуп жүргөнүмдө анан китепканадан Мидиндин томдугун көрүп калып, аябай жакшы көрүп калдым. Түшүмө кирип жүрүп, бир күнү “мына эмесе” деп туруп уурдап кеттим. Аларын алып алып: “Эми айылдыктар айтып койсо, кайра алып коюшпасын”, – деп коркуп, бетиндеги мектептин мөөрүн хлор менен өчүрүп…

Менин Зарема менен таанышып калганым да кокустан. Ал кезде бир орус кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Айылыбыздын 80%ы орустар болгондуктан, бир топ эле орусташып калганбыз. Ошентип, бир күнү тигил орус кызды киного чакырдым. Жакшы киного билет алыш, ал кезде, оо… кыйын эле. Канча күн чуркап жүрүп “А зори здесь тихие” деген киного билет алып, кино театрдын жанында кызымды күтүп турсам досум келип калды: “Бир жерге туулган күнгө барат элем. Жалгыз бара албай жатам. Мени менен барып келчи. Ал жерде жалаң кыргыздар болот экен… Сен кыргызча жакшысың го, мени колдоп койчу?” – деп. Акыры барышка туура келди. Экөөбүз акылдашып алып анан тигил кызга: “Сокулукта бир кырсык болуп калыптыр, барбасак болбойт экен”, – деп калпты айттык.

Бир бөлмөдө – улуу муундар, бир бөлмөдө – жаштар отурдук. Бир убакта Мидин тууралуу сөз болуп калганда, мен анын ырларын окуп, анекдотторун айтып жатсам, бир кара тору кыз мени карайт эле, карайт. Ичимден: “Аа, буга жагып жаткан экен”, – деп койдум. Айтып жаткан киши, уккан кишини жакшы көрөт эмеспи. Байкасам, тигил бөлмө жактан да бир аял мен жакты улам карап коюп жатат. Көрсө, болочок кайын энем экен.

Антракт учурунда жанагы кара тору кыз курбулары менен балкондо туруптур. Ал-жай сурап калсам: “Мидин тууралуу көп билет экенсиз”, – деди орусча. Мен да орусча жооп берип: “Ал – менин Кудайым!” – десем: “Ал – менин атам!” – дейт. Анча деле этибар албай: “Анда мен сага үйлөнөм!” – деп койдум. Тарадык. Үйгө келгенден кийин ойлонуп, эсиме келип жүрөм. Көркөм сүрөт окуу жайында окуйм дегенин эстедим. Делөөрүп калдым.

Эртең менен эрте туруп, күлөш шымды кийип, кычырап алып издеп жөнөдүм. Буйрук экен, эжеңерди маңдайыма жазыптыр. А көрсө, Зарема деле балконго жөн чыкпаптыр. Ал дагы: “Мен ушул даректе коноктомун, келип бизди үйгө узатып кой”, – деп жигитин чакырыптыр, ошону улам карап, күтүп турган экен.

Зарема Мидинова:

– Ал мамилеси, сүйүүсү, атаэнеме болгон урматы, атамдын чыгармачылыгына берилгендиги, өзүнүн жеке адамгерчилиги, акылдуулугу, мыкты сапаттары менен жүрөгүмдү багындырып алган. Мен Россияга көркөм сүрөт академиясына окууга кетмекмин. Ильяс үчүн калып калдым. Мына ошол күндөн бери чогуубуз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызыбыз Мээрим 1995-жылдан бери Америкада иштеп, жашап жүрөт.

– Ильяс ага, сизди билгендер мыкты Мидин изилдөөчү катары баалашат экен?

Ильяс Кылычбеков:

– …Карап отурсам, деги эле Мидин өзү көп нерседен жолу болбоптур. Мисалы, эл барган декадага да жиберилбей калган экен. Китептери деле көзү тирүү кезинде көп чыкпаптыр. Себеби, анын ырларында “Жашасын компартия!” деген нерселер көп болгон эмес. Ошондуктан улам артка жылдыра беришкен. Көзү өткөндөн кийин, мааракелери өтөрдө деле улам бир нерсе болуп, белгиленген датасы ары-бери жылдырыла берет. Мына быйыл деле 100 жылдыгы шайлоого туш келип калып, дагы арылап калды. Эми шайлоодон кийин кандай өтөт, белгисиз. Дегеним, жумгалдыктар болгон каражатын Качыке баатырдын тоюна жумшап коюшуптур, мектебиндеги бир кичинекей музейин жасатканга акча жок деп отурушат.

Союз маалында жазуучулар ошол кездин заманбап үйлөрүнүн алышчу экен. Мидин үйгө жетпей жүрүп, Панфилов көчөсү менен вокзалды карай чыккан жердеги барак үйлөрдөн алыптыр. Ал үйдө Саякбай Каралаев атабыз жашап жатып, жакшы үй берилип көчүп кетип, анын үйү Мидикеме берилип калып жатпайбы. “Буйрук ушул экен, ушуга да шүгүр!” – деп каниет кылып, апабыз жакшынакай кылып актап, сырдап, жашап калышкан. Саякбай атабыздын эт илип, сүрсүтүп кургаткан арканы болчу экен. Ошону атабыз тамашага чалып, айтып калчу экен: “Саякбайдын үйү тийгени жакшы болду. Ачка калган кездерде чучук жыттанган арканын кайнатып, сорпосуна кесме кылып ичип жүрөм”, – деп.

– Талант көп кырдуу болот эмеспи. Анын сыңарындай, Мидин өзү сүрөтчү да болчу. Атабыздын жыйнагы чыгарда материал топтоп жүрүп, эки жумадай китепканада отурдум. Ошондо 1956-жылдагы “Чалкан” журналын карап отурсам, бир топ чыгармаларына сүрөттү өзү тартыптыр. “Чалканда” иштечү эмес беле. Кийин чогуу иштешкен Алыкулов деген сүрөтчү айтты: “Өзү эле тартып коюп, биз боёп, кооздоп гана койгон учурлар болчу”, – деп. Райканга арнаган бир ырына короздун көкүрөгүнө Райканды тартып, бир куплет ыр жазып койгон экен. Мидин тууралуу эмне сөз уксам, кай жерден кандай табылга тапсам 30-40 жылдан бери чогултуп жүрүп, үч-төрт папка болуп кеткен. 90 жылдыгында анан Зарема экөөбүз атабыздын китебин чыгармай болуп калдык. Түзүүчүсү – Ишенбек Султаналиев болду.

“Атын кандай койсок экен? Атабыз өзү кайда барса да, атүгүл чыгармалары да жан дүйнөлөргө тополоң салып жиберген акын, тун кызынын атын деле бекер Тополоң койбосо керек? Кызынын да аты аталып калса, арбак ыраазы болор?” – деп ойлонуп отуруп, бир күнү апам, Зарема болуп чогуу отурганыбызда ушул атты сунуш кылдым. Апам унчукпай эле отуруп калды. Жакпай калганын билдим. Зарема болсо дароо эле: “Эмнеге? Тополоң эжемдин атын өз балдары коюшар. Биз башка ат коебуз”, — деп, ошентип, ал китептин аты “Медерим” деп уулунун атынан коюлду. Ал эми быйылкы китеби “Тополоң” болуп чыкканы, көптөн бери көңүлүмдө жүргөн бир ойдон, жүктөн кутулгандай, жеңилдеп калдым.

– Бир жылдары Мидин тууралуу эскерүү макалаларга сынак да жарыяладыңыздар эле?

– Атабыздын 85 жылдыгында болчу. “Эркин-Тоо” гезитине ошондой жарыя бергенбиз. Ошондо бир жарым жыл бою жумасына эки жолудан макала чыгып турган. Эми шумдук… Ошолорду бизден мурда чогултуп ала коюп, Мидиндин “эшек дептеринен” кошуп, китеп чыгарып алып бизнес жасап жүргөндөр бар.