БШК шайлоодо добуш берген жарандардын тизмесин жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш берген жарандардын тизмесин жарыялады.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоочулардын 55,93%ы добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 1 млн 673 миң 447 кишин түзгөн. Шайлоого катышууга өлкө боюнча  3 млн 25 миң  770 киши укук алган.

Мындай окуя практикада биринчи жолу колдонулду.

Шайлоодо ким кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин билүү үчүн бул жерди басыңыз.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат.

Булак: «Акипресс»