Мумия көмүлдү. Талаш башталды

«Кыргыз Туусу»  №82(24178)


1970-жылдардан бери тарых музейинде сакталып турган мумияны көмүүнү бир катар коомдук уюмдар тарабынан демилгеленип, Маданият министрлиги бул маселени карап чыгып, 12-октябрь күнү аталган мумия кайрадан жерге берилсин деген чечим чыгарган. Анын негизинде 14-октябрь күнү Баткен облусунун Кара-Булак айылында 1959-жылы Баткен аймагынан табылган белгисиз кыздын мумиясы жерге берилди. Бул чечимге бир нече окумуштуулар каршы чыгып, маселе Мамлекет башчы Атамбаевге чейин жеткен. Президент мумияны жерге берүү жаңылыштык экенин айтып, буга жооптулар жоопкерчиликке тартылуусу керек экенин билдирген.

Кайрадан казып алууну сунуштаган окумуштуулар

Бул маселе боюнча бир катар окумуштуулар пресс-конференция өткөрүп, Президентке кайрылуу жасашты. Алар бул кадамды вандализмге теңешти. Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева аталган мумия биздин доордун IV-V кылымдарына таандык. Ал эми музейдик экспонаттын көмүлүүсүнүн алгачкы себептеринин бири шарият боюнча адамдын денеси жерге берилиши керек экендигин айткан айрым бүбү-бакшы жана диний ишмерлердин кайрылуусу болгонунун айткан АУЦАнын профессору Чолпон Турдалиеванын “Бул музей экспонаты жана ал кыргыз улутуна, динге эч кандай тиешеси жок”, – деп билдирди:

Аталган мумияны кайрадан казып алуу керектигин белгиленип, Баткен мумиясынын калдыгы кайрадан тез арада илим чөйрөсүнө кайтарылуусу зарыл экендигин археолог, булак таануучу, музей таануучу, этнограф, тарыхчы адистер белгилешүүдө.

Окумуштуулар өткөрүп жаткан пресс-конференцияга кирип келген көзү ачык Замира Муратбекова: “Кыргыздар негизинен эле аян алып ошого жараша чечим чыгарып келген. Ошол эле “Манас” эпосу аян аркылуу алынган. Ошондой эле бул мумия боюнча аян келип түшүп жатат”, – деп окумуштуулар менен кайым айтышты. Ал мумия туура көмүлгөнүн, мындан улам президенттик шайлоо тынч өткөнүн белгиледи.

Мындан бир нече жыл мурун да көзү ачыктар мумия сакталып жатканы үчүн өлкөдө ар кандай жаман нерселер болуп жатканын билдирип, мумияны жерге берүү керек экенин айтып чыгышкан болчу. Анда окумуштуулар бул демилгеге каршы туруп, Мумия көмүлгөн эмес.

Каражат жокпу же кайдыгерликпи?

Бул маселе боюнча үн каткан маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков: “Бул маселени президентке кандай жеткиришти. Эртеден кечке тытмалап окумуштуулар изилдеп жатса, колдорунан жулуп барып Баткенге көмүп салгандай айтып жатышат. Мумия музейде 60 жыл жатты, бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Муну антрополог, генетиктер, биологдор изилдеши керек эле. Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан экен. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен бальзамдашкан. Кийин ал заттар да, адистер да жок туруп калган. Ачык жерде жаткан үчүн бузулуп баштаган”, – деп аталган мумия 97-жылдан бери каралбай калган деген пикирин Анткен менен көмүп салуу туура чечимби? Илимде мындай табылганын өзү эле чоң жетишкендик саналат эмеспи. Ошондуктан бүгүнкү күндө изилденбесе, келечекте сөзсүз изилдене турганы талашсыз кеп. “Каралбай турган” деген жүйө менен баалуу табылганы көмүп салсак, эртеңки күнү орун жок деп таштандыга ыргытабызбы?

Дүйнөдө мындай артефакттарга абдан дыкат мамиле кылынат. Маселен Британиянын музейинде Ассирия, Египет, байыркы Месопотамиядан калган фараондордун, атактуу кишилердин мумиялары өтө жакшы

деңгээлде сакталган. Ал тургай ошол эле Египет пирамидалары, өлкө ислам дининде экенине карабастан сакталып турат.

Артефакттарды динге каршы коюп, талкалоолор мындан бир нече жыл мурун Сирияда орун алды. Эсибизде болсо, ал жакта “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун жоочулары нече миң кылым тарыхы бар шаарды талкалап салган. Ушундай эле көрүнүш Ооганстанда катталып, ал жакта Будданын эстеликтерин талиптер жардырып салышкан. Мунун натыйжасында бүткүл дүйнөнүн сынына калган жайы бар.

Мумиянын көмүлүшү боюнча пикириңиз кандай?

Илим жана дин жаатында бул боюнча айыгышкан талаш жүрүп, маселе коомчулук тарабынан да катуу талкууланып, айрымдары мумияны жерге берүү туура эле дешсе, кай бирлери мындай баалуу артефак изилденсе, көптөгөн ачылыштар боло турганын белгилешүүдө. Ошондуктан коомдо таанымал адамдар бул маселеге кандай көз карашта экенин билүү максатында суроо салып көрдүк.

Мухтар АТАНАЛИЕВ, ырчы:

– Негизи эле бизге илим дагы керек. Адамдын денесин изилдеп, кандайдыр пайда келтирсек туура эле. Ал эми мумияны изилдеп, кандай жакшы нерселерди ала алабыз деген суроо келип чыгат. Мындай динди албай эле карасак, адамдын денеси ачык жаткандын өзү туура эмес көрүнүш. Ал эми динди алсак, ал жакта бул боюнча атайын көрсөтмөлөр берилген. Ошондуктан адамдын денеси жерге берилип, жашырылышы керек деген ойдомун.

Самат АСЫЛКЕРИМОВ, сүрөтчү:

– Тарыхыбыз изилдене элек болуп жатып, “жардыга мал берсе, жарты санын жок берди” дегендей болуп калды. Окумуштуулардын мындай чечимге келгени бир чети таң калтырып жатат, бирок ушундай ааламдашуу заманында, бизге тарыхый экспонаттар керек. Сулайман Кайыпов агай жазгандай, илимий көз карашта каралбай, башка бир көз караштын алдында калды. Тастыкталган тарыхыбызды жерге бердик. Эми казыштын кереги жок!

Иманбек АЗИЗИЛА уулу, акын:

– Бул суроого «каршымын» же «макулмун» деп так кесе жооп берүү кыйын. Биринчиден, илимпоздордун айтканы да жөндүү. Мумиянын кайсыл кылымдарга, кайсыл коомго таандык экенин изилдөө керек болчу. Бирок 60 жыл бою эч ким маани бербей, көмүлөрү менен кыйкырып чыгышканына, чынында, анча түшүнбөдүм. Ошентсе да сөз болуп жаткан мумия баалуу тарыхый эспонант эле.

Экинчи жагынын, шариятта адам сөөгү жерге берилиши керек. Менин түшүнүгүмдө бул адамзатынын сөөгүнө жасалган урмат. Психологиялык жагынан алганда деле адам денесинин ачык жерде турушу өтө жакшы кабыл алынбаса керек. Мен сыйлаган көрүнүктүү тарыхчылар жана кесипкөй адистер көөнө мумиянын көмүлүшүнө каршы болушууда. Бирок, алар ошол сөөктү археологиялык табылга же табылгыс буюм катары гана көрүшүүдө. Ал бир инсандын денеси да. Илим теорияларына сыйбаган инсаний моралдык эрежелер

да бар.