Бишкекте жаңы курула баштаган имарат урады

Бишкектеги «Жаннат» отелине жакын аймакта курулушу жаңы башталган объекттеги кырсыктан жабыркагандардын саны такталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, алты адамды тез жардам унаасына салып кетишти, дагы төрт адамга жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү.

«Азаттык» радиосунун кабарчыларынын айтымында, учурда окуя болгон жерде милиция жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат, кеминде үч тез жардам унаасы менен жабыркагандарды алып кетишти.

Курулуш кайсы компанияга таандык экени да азырынча айтыла элек.

Алдын ала маалыматка караганда, үчүнчү кабаттын бетонун куюп жатканда каркас урап түшкөн.

Булак: «Азаттык»