Ат-Башы: 11 жашар кызды үч жылдан бери зордуктап жүргөн делип өгөй атасы кармалды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айылында тестиер кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук боюнча эки учур катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы Ат-Башы районунун координациялык кеңешине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, 11 жаштагы кызды 8 жашынан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 36 жаштагы өгөй атасы кармалган. Ошондой эле Ача-Кайыңды айылынан 58 жаштагы киши мектепке чейинки даярдык классына барган кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: «Спутник»