Бишкекте жөрмөлөгөн наристелердин жарышы өтөт

Бишкекте 4-ноябрда жөрмөлөп жүргөн кичинекей наристелердин арасындагы I чемпионат өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага 36 айдан аша элек наристелер катыша алат.

Сынактын шарты боюнча, балдар 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүүсү керек болот. Бул учурда ата-энелери балдарына тийбестен, тургузуп гана кое алышат.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер жана сыйлыктар тапшырылат. Бул иш-чарага кирүү акысыз.

Булак: «Марал»