24-октябрга карата аба ырайы

24-октябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан келге шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19.