Роналду жылдын мыкты футболчусу болду

ФИФАнын версиясы боюнча “Реалдын” оюнчусу Криштиану Роналду жылдын мыкты футболчусу аталды.

Белгилей кетсек, жылдын мыкты футболчусу наамы үчүн Криштиано Роналдо (“Реал Мадрид”), Лионель Месси («Барселон») жана Неймар («Пари Сен-Жермен») ат салышкан.

“Реал Мадридди” жетектеген Зинедин Зидан жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды. “Реал Мадрид” 2017-жылы Испаниянын чемпионатында жеңүүчү болгон.

Мыкты дарбазачы наамы “Ювентус” клубунун оюнчусу 39 жаштагы Джанлуиджи Буффонуга тапшырылды.