Россияда элди автоунаа менен койдурууга ниеттенген делген КР жаранынын соту болот

Киров облусунда теракт жасоого даярдык көрүүгө шектелип жаткан 23 жаштагы кыргызстандыктын соту болот. Бул тууралуу аймактык Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, шектүү өткөн жылдын жай айларынан тарта үстүбүздөгү жылдын жазына чейин социалдык тармактарга Кировдун жашоочуларын теракт жасоого жана террордук уюмга кирүүгө үгүттөгөн материалдарды жайгаштырып келген. Ошондой эле ал «жүк ташуучу унаа менен Москвадагы коомдук жайлардын биринен элди тебелетүүнү пландап жүргөнү» маалымдалган.

Учурда кылмыш иши сотко өттү. Кармалган киши террорчулукту жактоо жана теракт уюштурууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Булак: «Спутник»