Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Асылбек комузун кыңгырттатып отурат. Кызмончок адатынча жөрмөлөп келип, быйтыйган колдору менен комузду кошо кармалап, өз тилинде чулдуруктайт. Атасы ансайын кызып, күүгө кулак төшөйт. Көздөрүн жумуп, сыбызгыган бир укмуштуудай керемет ыргактарды кайрыйт. Казан-аягынан жаңы эле колу бошогон Сырга да жоолугун оңдоп салынып, күйөөсү тарапка жароокерлене карайт. Анан ата-баланын катарына эпейип отура калып, түгөйүнө эркелей, эркелете тиктейт. Көңүлү алып-учуп, көкүрөгүндө бир назик сезим айланып, анан өз эркине өзү туруштук бере албай, ичке билектери күйөөсүнүн мойнуна жумшак оролуп, назик эриндер жүзүнөн сүйөт. Асылбектин комуздун кылын терген манжалары акырындап барып тынчый түшөт.

– Жанбиргем менин!.. Жаным!.. – шыбырайт келин. – Эмнеге ушунчалык жакшы жаралгансың? Мен сенсиз кантет элем?.. Жакшым менин!.. Жубайынын наздуу шыбыры, буркан-шаркан түшк өн аруу махабаты Асылбекти эсинен тайыта, саамга өзүн жогото түшүп, антсе да адатынча сыр бербей, комузун жүккө жөлөй:

– Кантет эми? Кызмончок эмне дейт?.. – деген болот. Сырга ага деле кайыл. Күйөөсүнүн мойнуна  билектери оролгон калыбында, анын комуздан бошой түшкөн тизесине отуруп, көкүрөгүнө башын жөлөйт. Кызмончок да ата-энесинин ушул кылыгын, ысык-ынак мамилесин жактыргандай, улам бирине жароокерлене карап, кытылдап күлөт да, же атасын, же апасын кызгангандай чырылдап ортого түшө баштайт. Асылбек экөөнө бирдей элжиреп, экөөнү тең кучагына бекем кысып, алмак-салмак жыттагылап, бакытка мас.

– Эс алалы, жаным, – дейт анан жубайына. – Сен кызыңды уктата бер. Мен малга бир көз салып келейин. Асылбек келгиче Сырга төшөгүн салып, кызын бөлөйт. Капкара каректери бир башкача бажырайып, узун кирпиктери күн желесине окшогон, эмчек издеп эриндерин чөрмөлөңдөткөн наристенин оозуна сүтү ийип дирилдеген ак мамагын салып, тулку бою коргошундай балкылдап, энелик бир ыйык сезимге кана, ырахаттана көздөрүн жумат. Баланы уктатып коюп, түндөсү кийип жатчу ич көйнөгүн кийип, узун кара чачын жазып жиберип, жүрөгү көөдөнүнө батпай туйлап, жанбиргесин утурлай сыртка чыгат. Кудум түн периштесиндей ак көйнөгү жер чийип булактаган, денеси от менен жалын болуп чатыраган жубайын баладай так көтөрүп ала коюп, тегеренип-тегеренип жатса, аларга кошулуп тоонун салкын жели кошо чимирилип, Сырганын этек-жеңин дирилдетип, кундуз чачын сапырып бириндетип, ансайын экөө тең жыргап күлүп, каткырып… Алар менен асмандагы Ай, тоолор кошо тегеренип, жылдыздар бакыттан көзү уялган сыяктуу ачакей-жумакей болуп жымыңдашып!..

Ошол түнү Асылбектин каруусун жазданып, бакыттан бардүйнөсү балкып  жаткан Сырга бир убакта күлүп жиберди:

– Асыке?

– Ов?

– Экөөбүздү шыкалаап… тигил айды карасаң. Ырас эле күмүш табактай жалтырап, толгон ай ал экөөнү түндүктөн кыйгач тиктеп, бир башкача төгүлүп туруптур. Асылбек ууртунан күлүмсүрөй, Сырганы өзүнө тартып:

– Кандай жарык, кандай сулуу? Эгерде эми да кыздуу болсок, атын Толгонай коёлучу, ээ? – деди кыялдана.

* * *

Ушул түнү алар бала жыландын түшүнө киришти. Канчалык өзүн жек көрүп, өлтүргүсү келгени менен жанагы адам ага түшүндө жагып турду. Ак жоолук салынып, бүйүрмө көйнөгүнүн үстүнөн саймалуу чыптама кийген жаш аял да адатынча аппак тиштерин кашкайта күлүп, кызын көтөрүп алыптыр. Алар түз эле бала жыланды беттеп келатышат. Качайын деп, мойну-башын жанталашып сереңдеткени менен денесин эч бир жылдыра албай койду бала жылан. Аңгыча адамдардын эркеги эңкейе калып, бала жыланды колуна алды эле, аял да аны башынан куйругунун учуна чейин сыдыра сылап, эркелеткен болду. Кичинекей адамча да аны көздөй талпынып, быйтыйган колдорун сунат. Төртөө анан эрчишип алышып, көк шиберди кечип кайдадыр-кайдадыр кетип баратышат…

* * *

Таң куланөөк салганда эле ойгонуп алып, түндө көргөн түшүнөн уламбы, адамдарга таарынычын унутуп, кайра да боз үйгө келди бала жылан. Жол бою чөп-чарды аралап, шүүдүрүмгө киринип жүрүп отурду да, баягыл таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып, үй тарапка карады.

Үйдүн кожойкеси эшиктин алдына таар жая салып, бешик көтөрүп чыкты. Боортоктоп отура калып, баласын эмизди. Бешиктин боосун чечип, наристенин колдорун бошотту.

Бала-жыланга бешик жакты. Андагы наристенин үн салып, колдорун эрбеңдетип-сербеңдеткени аны чакырып жаткан окшоду… Ансайын адамдар тарапка азгырылып, тыбырчылап тынчы кете баштады! Улам берилеп жылып отуруп, акыры жакындап да келди. Наристе да анын келатканын туйгандай, үн салганын токтото калып, ал тарапка башын салаңдата карап, тыңшай калып жатканы, бала-жыланды ого бетер «чакырды». Бирок бала-жылан үйдөн баягы эркек чыга калабы деп, кооптоно берди. Анткен менен, жанагы аялдан башка кирип-чыккан бирөө-жарым болгон жок. Ошондон кийин гана ыңгайын таап, энеси үйгө кирип кетээри менен учуп-жетип, бешиктин бою менен бир болуп тура калды! Кичинекей адамча менен кичинекей макулук үнсүз тиктеше калышып, элейе түшкөн наристе анан бат эле «жарк» этип күлүп жиберди. Колдорун сунуп, жыланды кармагысы келди…

Бала жылан ошого маашырлана түштү. Бешиктин кармагычына чыгып, оролуп алды да, мойну-башын ары-бери койколоктотуп, ал ансайын наристе кытылдап күлүп…

Аңгыча, боз үйдөн чыга калган аял түз эле экөөнү карай бет алды эле, сестене түшкөн жылан көзгө илешпей, таардын астына кире качты.

– Эмне кыткылыктайсың, берекем? Умай энең күлдүрүп жатабы? – деп сүйлөнгөн келин баланы чечип алып, жалынып-жалбарып, кийинтип жатты:

– Каралдым! Кагылайыным! Канакей, кана, жаңы чыптамаңды кийип алчы. Ой-ий, кыпкызыл болуп, кызымдыкы укмуш болгон го, ыя! “Кийимиңдин жаны морт болсун, өзүңдүн жаның бек болсун!” Менин колум  эмес, Умай энелериң – Батма, Зууранын колу…

Айбан да болсо бала эмеспи, жылан кошо эне мээримине магдырай түшкөн болчу. Аңгыча баласын көтөрүп өйдө боло берген келин таардын үстүнөн бачырата басып өттү эле, эти ооруп, жаны көзүнө көрүнө түшкөн бечара бала-жылан аялдын таманын чагып ала жаздады.

Ошол түнү ал «үйүнө» барбай, таргыл таштын коңулуна кирип жатып алды. Бирок ошол убакта ал энесинин тынчы кетип күтүп жатканын, акыры чыдамы жетпей артынан издеп келип, адамдардын үйүнө ойдо жок жерден алаамат салып ийээрин билген эмес!..

(уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.