Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

 

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ый аралаш, ыза аралаш кыйкырат кыз:

– Ким баар?!

Үнү аска-жарга барып урунгандай кайра өзүн туурап, жаңырыкка айланат:

– Ким ба-ар?! Ким ба-ар?!

Ансайын топурак-шагылдын курулдап куюлганы күчөй түшөт. Асман кайда?! Айланып-тегеренип асманды таппайт кыз… Тең жарылып кеткен жараңканын ичинен чаңга аралаш кара булоолонгон буу чы-гып, боз туман каптап калгансыйт.

– Ким ба-ар? – акырын, алсыз кыйкырат кыз. Жакын эле жерден топурак бүлкүлдөп, жер алдынан кыңкыстаган үн чыгат.

– Ким?! – жетип келип кулак түрөт кыз. «Кокус душман тараптан эмеспи?» – деген ой «тык» этет. Жер алдындагы үн кыздын үнүнө окшошот. Ошого көзү жеткенде гана Күнайым ошол жердин топурак-шагылын колу менен шилеп, жанталашып каза баштайт. Тырмактары сыйрылып түшүп, манжаларынан учунан кан сызылып, таамп калгыча жер казат. Акыры мээнети текке кетпей, курбусу Дүрайымды таап алат. Булар  бир  жылда,  бир  ай,  бир  күндө туулгандыктан, ата-энелери ушинтип окшош ысым берип, экөө бир туугандай коюндаш, моюндаш болуп өскөн кыздар эле.

– Дүрайым? Суранам, көзүңдү аччы? – эс-учун билбей шалактаган кыздын колу-бутун ушалап, өз этегинен айрып ала коюп жаратын таңат. Болгон күч-аракетин жумшап, эсине келтирет.

– Эмне кылсаң да мени бу жерден чыгар? – дейт ойгонгон курбусу көзүнүн жашын көлдөтүп. – Өлгүм келбейт менин! Угуп жатасыңбы? Өлгүм келбейт! Эмнеге ушундай кылдың, я?! Жек көрөм мен сени, Күнайым! Жек көрөм?!

– Мени кечир? – айыптуудай жер тиктейт кыз. – Башка аргабыз жок болчу. Ата-энебизди, бир туугандарыбызды өлтүрүп, айылыбызды өрттөп, күлүн көккө сапырган душманга мындан артык жаза таппадым. Биз ата-энебиз, элибиз үчүн өзүбүздү курмандык-ка чалуу менен душмандан кек алдык! Башка аргабыз жок эле!

Дүрайым калчылдак баскан колдору менен Күнайымдын колун мыжыга кармайт:

– Жок, жок! Мен бу жерден кетем! Сен кааласаң кала бер! Бирок мага жардам бер! Мени жибер! Мен – эне болушум керек! Мен балдарым   менен  жер  астында  эмес,  жер үстүндө жашашым керек! Айт, аткарам де! Мына мунун баары колуңдан келген, ошол кантип келбесин?! Ооба дечи, байболгур?!

– Ооба. Ал үчүн сен да аракет кылууң керек.

– Кантип?

– Ал-күчүңдү, эсиңди жый! Калганын дагы көрө жатарбыз!

Дүрайым ый аралаш жылмайып:

– Билесиңби, менин ушундай көп уулум-кызым, алардын да ошондой балдары, балдарынын да балдары болот, ээ? Баары айланып-тегеренип, менин жанымда болушат.

– Кудайым насип кылсын, – курбусунун тилегин ый аралаш ичи элжирейт.

– Алардын арасында сендей сулуу, сендей акылдуу, сендей… жок, бирок сенден да башкача кудуреттүү, күчтүү, жерде сойлогон жыландын да тилин билген, адамдан башкача кыз туулат. Ал ушундай акылдуу болот…

Ооба дечи? Алсырап, араң дем алган Дүрайымдын жайнаган кош кареги: “Ушундайбы?” – дегендей жалдырап, үмүттүү тиктейт.

– Кудайым тилегиңди кабыл кылсын, — дейт кыз. Курбусунун маңдайынан сүйүп, боо-рунун жылуулугун өткөрүп, кучагына кысат. Ошондон көп өтпөй, Дүрайым куландан соо туруп кетет.

Экөө андан ары тирүү жан издеп, үчүнчү бирөөнү – жоо тараптын бир жигитин табышат. Башка тирүү киши табылбайт. Баягы жигиттин онтогону, үнү Кудайга жеткидей болсо, киши чыдап тура алгыс дейт.

– Экөөбүзгө мунун күчү, жардамы керек! Жок дегенде бизге караан болсун! – дейт

Дүрайым жоо жигитинин жанында башын шылкыйтып, ойго чөгүп, ыргалып отурган Күнайымга. – Жардам берели?! Курбусунун дегенин эп көрүп, ынанат кыз.

Мына ушул күндөн тарта, үчөө жер үстүнө чыгуу менен алектенип, бирок аракеттеринен майнап чыкпай, Жер-Куйдун ичинде эле айланып-тегеренип, бака-жыландар менен аралашып жашап калышат. Ошондой күндөрдүн биринде жигиттин Күнайымга болгон жылуу сезимин Дүрайым байкай баштайт. Ансайын жүрөгү «тыз-тыз» этет. Анткени, жигитке өзүнүн көөнү түшүп, жактырып жүрөт. Курбусуна тымызын кек санап: «Сени шашпа!» – дей баштайт. Канча курдай аны көз жаздым кылып коюуну ойлоп, бирок бир гана нерсе аны кармап турат: “А кокус, бул өзу менен кошо жер үстүнө чыгуучу дубаны ала кетпесин”, – деп коркот. Күнайымдын ичи-койнуна кирип, сырын тартат. “Балким, атайылап эле айтпай, атайылап эле кеткиси келбей жатат”, – деп шектенет.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.