Толкунбек АСЫКУЛОВ:  «Илбирстин  терисин  сатам деген жарыялар чыгып кеткен учурлар болгон экен»

Кыргызстанда “Кызыл китепке” уникалдуу кирген жаныбар бар. Ал илбирс. Учурунда бул жаныбардын саны азыркыга салыштырмалуу бир кыйла жогору болгон экен. Кийинчерек браконьерлердин аларга жасаган чабуулунан, алардын тамак-ашы болгон тоо эчкилерин карапайым калк жактан атып азайтылышынан ж.б. көптөгөн себептерден илбирстердин саны кескин түшүп кеткен. Азыркы тапта ар кандай эсептер боюнча бул уникалдуу жаныбардын саны 300-500гө чейин деп айтылат. Натыйжада бул жаныбарды коргоо үчүн көптөгөн аракеттер кылынып, бир канча жаратылышты коргоо уюмдары бул багытта иш алып барышууда. Алардын бири Германияны НАБУ уюму ак илбирсти коргоо, аларды изилдөө, санагын жүргүзүү, калк арасында түшүндүрүү ж.б. ушул багыттагы иштерди жүргүзүп келишет. Ошол НАБУ уюмунун башчысы Толкунбек Асыкулов менен 23-октябрь – Ак илбирсти коргоо күнүнө байланыштуу маек уюштурдук.

–  Кыргызстанда  ак  ил-бирсти коргоо менен көптөн бери алек болуп жүрөсүздөр. Ошол иштер кандай жүрүп жатат?

– Негизи илбирс деп илгертен бери айтылып келет. Кийин ак ил-бирс деп коомчулук тарабынан ак  деген атты кошкону жакшы жы-шаан  болуп  жатат.  Кыргызстанда союз тарагандан кийин байкоо жүргүзүүлөр  боюнча  илбирстин саны  1200дөн  300гө  түшүп  кеткен. Эгемендүүлүк алган жылдары социалдык-экономикалык жагдайдан улам, биринчи ушул жапайы жа-ныбарларга зыян келтирип, браконьерчилик күчөп таасирин берген. Анан териси, сөөгү чыгыш меди-цинасы менен байланыштуу сатылып баштаган. Көбүнчө Кытай та-рапка кетчү экен. Терисин болсо, ичик кылып башташкан. Союз кезинде деле бар болчу төрт илбирсти атып, илбирс ичик жасоо, бирок ал кезде илбирстин саны көбүрөөк болчу да. 1976-жылдан баштап кызыл китепке кирип, дүйнөлүк коомчулук  муну  коргоп  калуу  багытында  “Кызыл  китепке”  да киргизишкен.

1994-жылы биринчи жолу биздин азыркы иштешип жаткан кесиптештер – НАБУнун өкүлчүлүгү келген. Анын жетекчиси Михаил Зуко деген профессор, нобель сыйлыгынын альтернативдүү лауреаты экен. Ошондо Кыргызстанда биосфералык аймак түзүү боюн-ча идея көтөрүп чыгышкан. Бул илгерки коруктар эмес, экологиялык, экономикалык багытта жаратылышты  коргоого  арналган иш-чаралар топтому. Ошондогу изилдөөлөрдүн негизинде илбир-стердин азайып кеткени байкалган. Натыйжада Ысык-Көл облусунун баардык аймактарын жана Нарындын Соң-Көл, Чатыр-Көл көлдөрүн кошуп, чоң бир биосфералык аймак түзүү, илбирсти коргоп калуу маселеси козголо баштаган. НАБУ  бул  боюнча  иштерди жүргүзө баштаган. Браконьерлер менен күрөшүү, элге түшүндүрү  сыяктуу  иштер  жүргүзүлүп жатат.

– Браконьерлер менен күрөшүүдө  карапайым  калк, мамлекет кандай жардам көрсөтүп келет?

– Учурунда илбирстин терисин сатам деген жарыялар гезитке чыгып кеткен учурлар болгон экен. Өзүм көргөн жокмун, бирок угуп калган жайым бар. Азыр андай нерсе жок, болсо эле илбирсти  коргоо  боюнча  экологиялык кызматтар, жаратылышты коргоо агенттиги жана биздин топтор чара көрүшөт. Браконьерлик мурдагыга салыштырмалуу азайды. Себеби, калктын ичинде ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Анын үстүнө айып пул мурда 500 миң болсо, учурда илбирсти аткандарга, аткандарга же кармагандарга 1,5 млн. сомго чейин көтөрүлдү. Натыйжада браконьерлер илбирсти кармоо иштеринен алыстай башташты. Экинчи маселе, жергиликтүү жаратылышты  коргоо  коомдо-ру  уюшула  баштады.  Учурда  үч коом түзүлүп, өз жерибизди өзүбүз коргоп калалы деп, демилгелерди көтөрүп,  бирге  иштешип  жатабыз.

– Жакында эле камерага Кочкордон эсепке кирбеген илбирс түштү деген маалымат алдык. Негизи эле илбирстердин эсебин кантип жүргүзөсүздөр?

– Фотокапкан деп коебуз. Булар автоматтык түрдө тартып алган камералар. Ошолор жаныбарлардын санын эсептөөгө абдан жардам көрсөтүүдө. Аларды орнотуп, видеосун, сүрөтүн тартып алса болот экен. Биздин максат жаратылышты коргоо аймактары менен иштөө. Ошол эле коруктар, жаратылыш парктары менен иштешебиз. Ошол жактарга фотокапкандарды коебуз. Жакында өзгөчө коргол болгон аймактарга коюп көрөлү, балким ошол жактарда да жапайы жаныбарлар түшүп калаттыр деген ойго келип, эки жылдан бери орното баштадык. Койсок, ар кайсы тараптардан түшкөн учурлар болуп жатат. Мисалы, Жети-Өгүздүн сырттарынан түшкөн, быйыл Коч-кордон Көлүкөк деген көлдүн жанынан түштү. Учурда мындай фото-капкандарды жаратылышы өзгөчө корголбогон аймактарга, ошол эле Ак-Талаага, Кара-Кужурга ж.б. орнотолу деп жатабыз.

– Бир эле жаныбар эки жолу түшүп калсачы?

– Бул өтө татаал нерсе. Сүрөткө түшкөндөн кийин биздин атайын идентификациялык тобубуз бар. Алар илбирстин жанагы темгилдери бири-бирине окшобогондуктан, салыштырып, санакка кирген илбирспи же жокпу билип алышат.

– Камерага өзгөчө нерселер түшүп калган учурлар болобу?

– Түшүп калган учурлар бо-лот. Жакында эле колу-буту тар-байган, учуп жүргөн бир объект түшүптүр. Бул НЛО деп да чыккандар  болду.  Ошондуктан  ал сүрөттү  Илимдер  академиясынын Физика институтуна жибергенбиз.  Бирок,  алар  да  билбей коюшту. Аппак, колу-буту бар учуп турган нерсе экен. Аны көрүп таң калып институтка бердик. Ошондой нерселер түшүп калган учурлар болот.