25-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдирген маалыматына ылайык, 25-октябрда түнкүсүн ала булут каптап, кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө, Ысык-Көлдө жана Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын   температурасы түнкүсүн 2 …4°, күндүзү 12…14° болот.