Вице-премьер-министрликке Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги жактырылды

Парламент КР вице-премьер-министри кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев Кенекеевдин талапкерлигин вице-премьер кызматына сунуштады.

Зилалиевдин айтымына караганда, өкмөт башчы Сапар Исаков жана биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жумушчу иш сапары менен Арменияга ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн кетишкен.

Депутаттар ачык электрондук добш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кенекеевдин талапкерлигин бардык депутаттар бир добуш менен колдоп беришти. Жыйында бардыгы болуп 91 депутат катышты.