Кыргызстандын жана Казакстандын Премьер-министрлери жолугушту

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары профилдик министрликтерге «жол картасын» иштеп чыгуу иштерин аягына чыгаруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирикмесинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 25-октябрь күнү Армениянын борбору Ереванда өтөт. Кыргызстандын делегациясын премьер-министр Сапар Исаков жетектеп барган.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев «жол картасы» боюнча делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Документ 48 пункттан туруп, эки өлкө ортосундагы маселелерди чечүүгө багытталган.