ЖКнын көпчүлүк коалициясы төрагалыкка Дастан Жумабековду көрсөтүүдө

Көпчүлүк коалициясы төрагалыкка «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабековду көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Нурбек Алимбеков билдирди.

Ал эми Дастан Жумабеков төрагалык кызматтан баш тартпай турганын журналисттерге маалымдады.

«Эгер менин талапкерлигим көрсөтүлсө кызматка барууга даярмын», — деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Ал эми төрагалык орунга Иса Өмүркулов менен Аскарбек Шадиевдин дагы талапкерлиги каралып жатканы айтылган.

Булак: «Спутник»