ЕАЭБ өкмөт башчыларын Армения президенти Серж Саргсян кабыл алды

Бүгүн, 25-октябрда Армения президенти Серж Саргсян Ереванда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт аралык кеңешинин жыйынын алкагында орун алды.

Анда президент Серж Саргсян өкмөт башчылар жыйыны мамлекеттер арасында мурда жетишилген макулдашууларды чыңдоого,  өз ара соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди  өнүктүрүүгө түрткү берээрин белгиледи.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган делегация Армения Республикасынын Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн жүрөт.

Булак: «Марал»