Улуттук баалуулуктарыбыздын абалы кандай?

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Мындан эки жыл мурун эле Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи мышык ыйлагыдай абалда калгандыгын тууралуу маалымат булактары жазып чыгышкан. Ошол эле убакта музейдин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылчылыгы тууралуу ошол учурда Жогорку Кеңеш тарабынан да маселе козголгон болчу.

Музейдин андан берки акыбалы, деги эле музейдин бүгүнкү жашоосу тууралуу сурап кайрылганыбызда, аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев, музей 16 миллион сомго капиталдык ремонттон өткөнүн айтты.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк жана улуттук маанидеги өтө баалуу сүрөттөрдөн, скульптуралардан турган 18 миңге жакын экспонаты бар, улуттун материалдык жана рухий байлыгы болуп саналган бул музей 1934-жылы түзүлгөн.

Директордун  айтымында,  музейде сүрөтчү С.Чуйковдун эмгеги зор. 1934-жы-лы С.Чуйков тарабынан мамлекеттик Третьяков галереясынын жана РСФСР музей фондунун XYIII-XX кылымдын аягындагы орус классиктеринин жана сүрөтчүлөрүнүн 72 түп нускалык чыгармалары алынган. Мамлекеттик сүрөт галереясы расмий түрдө 1935-жылы ачылган. Музейдин фондунда дүйнөлүк классиканын шедеврлер жыйнагы жана XX кылымдын башындагы француз сүрөтчүлөрүнүн түп нускалык чыгармаларынан кайра жаратылган сейрек факсимильдик репродукциялар коллекциясы бар.

Музейдин көргөзмөлүк иш-аракеттери көп түрдүү жана активдүү. Кыргыз сүрөт искусство экспозициясы өтө эле кыймылдуу. Мезгил мезгили менен жаңы табылгаларга алмаштырылып, толукталып турат. Кыргыз сүрөт искусствосунун  баштоочусу  С.Чуйковдун живопистик чыгармалары өзүнчө бир залды  ээлейт.  Музейде  В.Образцовдун  чыгармачылык  мурасы  –  «Токтогул  эл  арасында», «Кеч», «Күзгү жайлоо» сыяктуу белгилүү  эмгектери,  Г.Айтиевдин  «Чүй өрөөнүндөгү күз» жана башка чыгармалары орун алган.

Музейдин көп сандаган бөлүмдөрү живопись, графика, скульпторлук, жасалма колдонмо көркөм искусствосунун чыгармаларын консервациялоо, аларды илимий пропагандалоо боюнча иш жүргүзүшөт. Музей кыргыз архитекторлору Д.Ырыскулов, В.Назаров, Ш.Жекшенбаевдин жекече конкурстук долбоору боюнча курулган жана бул долбоор үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сый-лыкка ээ болушкан. Эми ушул туризмдин очогу катары 80 жылдан ашуун кызмат кылган музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, эки жыл мурун ысык-суукта жабыркаган чатырынан суу кирип, каржалып турган. “Эгерде кайра оңдоп-түздөө иштери болбогондо, өтө кымбат сүрөттөр жаанда калып, кайтарылгыс жабыркоого учурашы толук мүмкүн болчу“, – дейт Ю.Шыгаев.

Бирок ушуну менен эле оңдоо иштери толук бүткөрүлүп калды дешке болбостугун айтат. “Бардык оңдоо иштерине кете турган чыгымды эсептеп чыгып, 26 миллион сом каражат жумшала турганы такталган. Мамлекеттен да ушунча каражат бөлүнүп берили-ши керек эле, ушул убакка чейин биз жарымынан ашыгыраагын гана алдык. Менимче, Тарых музейи капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүлүп бүтсө, бизге кайрадан көңүл бурулат деген ишенимдебиз”, – дейт директор.

“Сүрөттөр  –  экспонаттар  дагы  кудум тирүү организм сыяктуу ысык-сууктан жабыркайт. Андыктан ага ар бир мезгилде кам-кордук көрүү менен мамиле кылуу керек. Союз убагындагы жылыткычтардын баары жабыркап, баалуулуктарыбыз коркунучта турган болчу. Мына ушуларды толук оңдоп-түздөп алуубуз керек”, – дейт директор.

Директордун билдиргенине караганда, учурда музейдин терезелери толук алмаштырылып, мекеме толугу менен паркеттелген. “Албетте, биз мамлекеттик мекеме болгондук-тан, жеке уюмдарга жардам сурап кайрыла албайбыз. Бирок бизде ар дайым көргөзмөлөрүн өткөрүп, биз менен тыгыз кызматташып тургандыктан Корея Республикасынын элчилиги 20 миң доллар эсебинде каражат бөлүп берип, видео-байкоо камераларын ишке киргизип алдык”, – дейт Ю.Шыгаев.

Ал эми жеке көргөзмөлөрдөн ж.б. иш-чаралардан түшүп туруучу каражаттын эсеби жылына 800 миң сомго чейин жетип, бул кара-жат музейдин ички, күнүмдүк керектөөлөрүнө жумшалат.

Белгилей кетсек, аталган музейде жалпысынан 100 адам эмгектенет жана алардын  40%ы  искусство  таануучулар  болсо, 60%ы  музей  ишине  жакын  адистиги  бар кызматкерлер.