Парламент Жогорку соттун судьялыгына Нүргүл Асанованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйында Жогорку соттун судьялыгы кызматына көрсөтүлүп жаткан Нүргүл Асанованын талапкерлигин жактырышты.

Добуш берүү жабык түрдө өткөрүлүп, Асанованын талапкерлигин бардык депутаттар бир добуштан колдошту. Жыйынга 80 депутат катышты.

Нургүл Асанова 1961-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин юридика бөлүмүн бүтүргөн. Юридикалык иш стажы – 27 жыл, анын ичинде 13 жыл судья болуп иштеген.