ЖК Казакстандын 100 млн. доллар жардамынан баш тартууну биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандын жардам катары бере турган 100 миллион доллар каражатынан баш тартууну биринчи окууда колдоду.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга макул болуп 108 депутат добуш берди.

Эскерте кетсек, 20-октябрда кыргыз өкмөтү Казакстандын ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу үчүн бере турган 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында каралып, анда сүйлөгөн вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан аталган жардамды 10 жылдан бери беребиз деп келгенин, бирок ушул убакка чейин аракет ишке ашпай келе жатканын айткан. Ал өз сөзүндө 18 лаборатория бюджеттик каражаттан курулганын белгилеген.

Мыйзам долбоорун тармактагы комитет колдоп берген.

Булак: «Спутник»