26-октябрга карата аба ырайы

26-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан-чачын болот. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө, Ысык-Көлдө жана Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2 …4°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15°.

Булак: © Кыргызгидромет