Дастан Жумабеков жаңы төрага болуп шайланды

25-октябрь күнү парламент жаңы төраганы шайлап, ал депутат Дастан Жумабеков болду.

Депутаттар жабык добуш беришти. 80 депутат Жумабековдун талапкерлигин колдошту. Исхак Масалиев үчүн 32 депутат добуш берди. Бардыгына каршы 5 эл өкүлү добуш берген.

Эске сала кетсек, андан мурда төрага Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берген болчу.