2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшү программасы сунушталды

Адам сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу 11-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова миграция боюнча координациялык кеңештин экинчи жыйынында билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев негизги максаты мындан ары бардык мамлекеттик органдар менен жарандык коом адам сатууга каршы биргеликте иш алып баруу болгон, 2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү Программасын сунуштады. Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2016-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын аткаруудагы иликтөөлөр, негизги жыйынтыктары жана аны ишке ашырууда келип көйгөйлөр талкууланды.

Жыйындын соңунда миграция боюнча мамлекеттик кызматына кыска убакыт аралыгында министрликтерден, ведомстволордон жана эл аралык уюмдардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен 2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү программасын аягына чыгаруу тапшырылды.