Бишкектин чок ортосунда бычакталган милиционердин сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен бычакталган милиция кызматкеринин сөөөгүн табышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жергиликтүү тургунга шилтеме жасап маалымат таратты.

Аталган маалыматты Бишкек шаардык ИИБден тастыктап, учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары башталганын кабарлады.