Бишкекте 1800 үйдүн жарыгы өчүрүлдү

Электр энергиясына болгон акыны өз маалында төлөбөгөн Бишкектин 1800 абонентинин жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлдү. Бул туурасында «Түндүкэлектр» АККсынан билдиришти.

Ошондой эле «Түндүкэлектр» карызынан кутула элек кардарларды 30-31-октябрда жарыксыз калтырууну пландап жатат жана кардарлар карызын төлөгөндөн кийин гана электр энегиясы берилет.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт. Эми “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.