Кыргызстанда 7-ноябрга карата 4 күн эс алуу болот
Өкмөт башчы Сапар Исаков 7-ноябрга карата дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, 28-октябрь дем алыш күнү 6-ноябрга которулду. Ошондо, кыргызстандыктар 4-5-6-7-ноябрь күндөрү эс алышат.
Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
КРнын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргызстанда 7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү майрамдалат.