Курортто ооруну эмес оорулууну дарылаш керек

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Жети-Өгүз курорту деңиз деңгээлинен 2240 метр бийиктикте жайгашкан. Бийик тоолуу жерде жайгашкандыктан бальнологиялык курорт деп аталып, ал радон суусу менен дарылайт. Мындай радон суу менен дарылоо башка курорттордо жок. Болсо дагы радон курамы бул жердегидей жетиштүү жана таасирдүү эмес. Радон суусу пайдалуу микроэлементтерге бай келип, ооруну азайтып, адамды сергитип, шишикти таркатып айыктыра турчу касиеттери менен элге белгилүү. Курорт радондун курамы жана анын дарылык касиетинин пайдалуусу жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турат. Жерден радон суусу 50, 56 градус жылуулукта чыгып, ал суу түтүктөрү аркылуу агып келип ванналарга куюлганга чейин бир аз муздагандыктан сууну 38 градуска жылытып толтурулат. Мындан жогорку градуста радон суусуна түшүүгө болбойт.

 Кайсыл ооруларга пайдалуу?

Курортто сөөк, муун оорулары, анын ичинде  полиартрит,  грыжа,  артрит, остеохондроз, бруцеллездон кийинки муундардын жабыркашы, неврид, радикулит, тери оорулары, буту-колу жакшы иштебей, бир нерсеге дайыма капа болуп, уйкусу качып жабыркаган адамдар дарыланышса болот. Радон суусу аялдардын гинеколо-гиялык оорулары, анын ичинде тукумсуздук, бойдон түшүү, жатын моюнчасынын сезгениши, залалсыз жатын жарасы, миома сыяктуу өнөкөт ооруларга жакшы жардам берет.

Негизги  суу  микро  элементтерге  бай болгондуктан, аз минералдашканын гана ичүүгө болот. Ал тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт жабыркаган ооруларына карата ичилет. Суунун курамында алюминий, кальций, темир, натрий-калий, хром жана баш-ка пайдалуу минералдар бар. Сууну тамак-танууга чейин 50 граммдан 3 маал ичүүгө болот.

Ар  бир  курорт-санаторийдин  өзүнө тиешелүү дарылык таасири бар. Ошондук-тан радон сууларынын курамы дагы ар жерде ар башкача болот. Радон сууга жатып дары-лануу убактысы 12 мүнөттөн ашпайт. Ваннага жатканда моюнга чейин гана көмүлөт. Суунун ичинде клеткалар ачылып, ал тер аркылуу сорулуп канга кирип, органдарга тарайт. Радон алган киши көл-шал болуп тердебеши керек, анда дарылыгы тер менен чыгып кетет. Суусу өтө ысык болбошу ке-рек. Ваннадан чыккандан кийин денени жум-шак кургатып, башка процедураларды алуу керек.

Процедураларды алууга чейин жакшы тамактануу дагы маанилүү. Негизинен ку-рортто эс алуучуларга даярдалуучу тамак-тардын бардыгы текшерилип, ар бир күнгө ар түрдүү тамактар жасалып турат. Туздуу, ачуу жана майлуу тамак-аштар берилбейт. Бул үчүн дарыгерлер тамактардын даамын татып, туура жасалганына көзөмөл жасап турушат.

Кандай ооруларга болбойт?

Кан басымы жогору учурда радон сууга түшүүгө болбойт, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларында жана көз, кулак, мурун ооруларын радон менен дарылоого бол-бойт. Радон жердин алдынан чыгат. Радон суусу деп аталып жасалма же химиялык кошулмалары бар сууларды алганга болбойт, ал

ден соолукка зыян. Уран калдыктары менен же кен казуучу шахталарда көп жыл иштегендерди радон суусу менен дарылабайт. Радон суу менен дарылоо ыкмаларынын бардыгы илимпоздор тарабынан изилденген. Курортко келгенде бир күнү сууга түшүү процедураларын алса, экинчи күнү башка процедура алуулары керек. Убагында курортко келип эс алуу үчүн 24 күн бөлүнчү, аны курор-тология иниститутунун окумуштуулары туура аныктап белгилеп беришчү. Бийик тоолуу жердеги курортко биринчи келген күнү адам 2 күн эс алып, климатка көнүп, кан басымын тууралап алуусу керек. Бир путевка он күнгөберилсе, аны экиге бөлүп алып дарылануу жетишсиз.

Канча күн эс алуу менен дарылануу керек

Курорттун башкы дарыгери Шайми-дин Кадыровдун айтуусунда, радон суусуна жатуу, душка түшүү, ысык баткак, парафин жаптыруу, массаж алуу, токко кактатуу жана башка процедураларды алууга он күндүк уба-кыт жетишсиз. Эс алуучулар курортко жаңыдан көнүп, дене бойлору сергип, нервдери жай алып, шишиктери тарап калганда убактылары бүтүп кетип калышат. Бул курорттук дарыланууга жатпайт. Айрым адамдар 5 күн жатып, уйкусун кандырып кетүү үчүн келгендей ой калтырышат. Айрымдары кан басымы жогору экенин билбей же курорттук дарыланууга болбой турчу оорулары менен келишет. Ошондуктан курортко келерде сөзсүз түрдө дарыгерлердин кеңешин алып алуулары керек.

Жазында апрель айынан тарта курорттун оң тарабындагы тоо беттеги карагайлардын түбүнө желе-желе бээлер байланып, сүтү сатылат. Курортко келген эс алуучулар процедураларын алгандан кийин басып барышып, жаңы саалган бээнин сүтүн ичип дарыланышса болот. Мындан сырткары Жети-Өгүздүн жай-лоолорун жана башка кооз жерлерин көргүсү келгендер үчүн 2 маал жүрүштөр уюштурулуп турат.

Курорт капиталдык оңдоого муктаж

Жети-Өгүз курорту арча-карагай курчаган тоонун койнунда, дарылык касиети күчтүү радон суусу менен дүйнөгө таанылган. Курортко дүйнөнүн ар тарабынан келип, дарыланып, эс алып келип турушат. Бирок акыркы жылдары Кыргызстандагы курорт-санаторийлер каралбай, айрымдарына капиталдык ремонт жасоо талап кылынууда. Алардын бири ушул Жети-Өгүз курорту.

Авариялык абалга жетип калган, салынгандан бери карай бир дагы жолу капиталдык ремонт жасалган эмес. Мындай абалда деле курорт токтобой ишин улантып жатканы менен жайкы убакта эс алуучулар-ды тейлеп мыкты шарт түзүп берүү жагынан аксап келишет. Курортко Россиядан, Казакстандан, Германиядан, Австриядан эс алуучулар жана туристтер тынбай келип турушат.

Убагында кыш мезгилинде дагы тынбай иштеп келишсе, азыр каражаттын тартышты-гына байланыштуу иштебей калышкан. Анын үстүнө жылуулук берүү жагынан дагы өксүп турушат. Курортто иштеген кызматкерлер-дин айлык акыларынын аздыгынан бир топ адистер, дарыгерлер иштерин таштап кетип калган учурлар болуп келет. Учурда курорттун жалгыз башкы дарыгери Шаймидин Кадыров 40 жылдан бери талыкпай эмгектенип, жайкы убакта жалгыз бир дарыгер ошончо эс алуучунун саламаттыгын текшерип турууга милдеттендирилген. Азыр курортто гинеко-лог, невропатолог, терапевт жана мээрмандар жетишсиз.

Ал эми процедуралык кабинеттердин дээрлик бардыгын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү талап кылынууда. Радон суусу агылып келген суу түтүктөрү 2010-жылы бир ирет ремонттолгон, бирок суу түтүктөрүн толугу менен алмаштырууга мүмкүн болгон эмес. Суу түтүкчөлөрүнүн улам бир жери жарылгандыктан кайра убактылуу жамаганга ка-на аргасыз болушкан. Физкабинеттерде аппараттардын эскилиги жетип, улам оңдоло бергендиктен, оңдоого деле мүмкүн болбой калган. Бассейндердин айрымдары иштебей токтоп турат, душтардын эскилиги жеткен, радон суу толуучу ванналар эскирип, дат басып калган.

Бөлмөлөрдүн  шейшеп,  жууркан-төшөктөрү, бет аарчылары эскирип, кайра — кайра жуула берип колдонууга мүмкүн эмес болуп калган. Залдарга салынып турган пала-стардын эскилиги жеткен. Бөлмөлөрдү жууп тазалоочу шаймандары, чаң соргучтары дагы эскирген жана жетишсиз.

Баарынан кызыгы курортко тиешелүү жерлер, корпустары жакшы корулбагандыктан айланасына кой, жылкы топтошуп кирип оттоп, көлөкөлөшөт. Кечкисин айылды ара-лап өткөн уйлар курорттун алдына чейин келип газондорду тебелеп, атайын өстүрүлгөн гүлдөрдү жеп, булгап кетишет. Ошондой эле карагай, бак-шактардын ар биринин түбүнөн ыргытылган таштандыларды, өзгөчө арак-тын бошогон бөтөлкөсүн, желим идиштерди, желим баштыктарды көрүүгө болот. Мындан сырткары курорттун карамагындагы көп имараттар кароосуз калган. Айрымдарын ка-ра кулпу кайтарып, терезе-эшиктери сынып, талкаланып турат. Курорттун корпустарында кино көрүүчү зал, интернет байланышы жок жана түнкүсүн эс алуучулардын коопсуздук жагы каралган эмес.