Президенттик фондон чек арадагы айдоочуларга 1 миллион сом бөлүндү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган автоунаа айдоочуларынын тамак-ашына президенттик фонддон 1 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга жана күн сууп калгандыгына байланыштуу бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы 26-октябрда кол койгон.