Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ал эми Күнайымдын жүрөгүндө душ-ман жигитке карата жибибеген, ты-мызын жек көрүү бар болчу. Муну жигит да сезип, андыктан ашыктыгын айта албай ай-быгып келет. Мына  ушундай  күндөрдүн  биринде Күнайым ооруп калат. Жигит катуу сабыркап, кыздын сакайып кетиши үчүн кам көрүп, күн-түн жанынан чыкпай зарлап, Жараткандан анын эсенди-гин тиленет. Ансайын кызганып, Дүрайымдын күй-бөгөн жери күл болот. Күнайымга кастарын тигип, ниети ка-рарып, жек көрүү сезими күч алгандан күч алып отурат. Бир күнү Күнайым өз дартына шыпаа болчу бир гана чөп бар экенин, ал чөп жа-лама асканын боорунда гана болорун айтат.

– Мен аны таап келем! – дейт жигит. – Сөзсүз таап келем! Сен болгону күчүңдү жый! Мени күткүн, макулбу? Мен сөзсүз таап келем! Чын ниети менен аттанып бара жаткан жигитке Күнайымдын ичи жылыйт. Дүрайымдын жан дүйнөсүнө ого бетер кыйсыпыр түшөт.

Акыры, экөө жалгыз калган күнү:

– Күнайым, ачык айтып, ак сүйлөшөлү, бизди жер үстүнө алып чыгуу эми чындап эле колуңдан келбейби же каалабай жатасыңбы? – дейт.

– Колумдан келбейт, – дейт Күнайым. – Дуба окуурда мен анын кайра кайтарылбасын суранган болчумун.

– Демек, сенден үмүт кылуубуз бекер турбайбы? Ушул чуңкурда өлөт экенбиз да?

– Кечир?

–  Мен  сени  кандай  жек  көрөрүмдү  билесиңби?!  –  муун-жүүнү  калчылдаган курбу  кыз  жер  чапчыгылап,  ый  аралаш чаңырат.

– Сабыр кылчы, Дүрайым, сура… – деп келе жаткан Күнайымдын оозуна кум кочуш-тап куюп жиберет.

Тура калууга аракеттенип, башын кө-төрөм деп жер таянган кыз какап-чакап кай-ра жыгылат.Дүрайымда тээ бала кезинде эле курбусу-на суктана турган. Беш көкүл кезинен тартып эле өзүнө караганда курбусунун алда канча сулуу, алда канча акылдуу, анан калса башка-ча бир артыкчылыктары бар экенин сезип, билип, бара-бара ошол суктануу – тымызын ич тарлыкка, атаандашууга, анан билинбеген жек көрүүгө ооп, бирок Күнайымдын эсепсиз жароокерлиги баарын жууп, унуткарып салчу. Бул Жер-Куйга түшкөнү, айрыкча алар-дын жашоосунда Зумураттын пайда болушу ошол сезимдерин ого бетер өрчүтүп, күчөтүп жиберди.

– Мен сени жек көрөм! – деди какап-чакап, жер чапчылап жаткан кызды туш кел-ди ургулаган Дүрайым:

– Мен сени жек көрөм! Жек көрөм!

Курбусунан  мындайды  күтпөгөн  Кү-найым балбылдаган кош карегин бир че-ти таң калып да, бир чети жардам сурап да жалдыратат. Баягы Жер-Куйга кулаган күнү белине доо кетип, бирок ооруганына кайыл болуп басып жүрө берген кыз азыр турмак турсун, оодарылууга дарамети жок эле. “Жок де-генде башымды көтөрүп койсо эмне?” – деп Дүрайымдан көзү өтөт.

– Арам өлүк! Тирүүнүн өлүгү! “Ашка жүк, башка жүк!” Канча күндөн бери өлүгүңдү ар-тып жатасың, какмар!– өзүн жогото, ичинде-ги бугун төгүп, буулуккан сырын төгүп, эмне деп жатканын өзү да кээде билсе, кээде билбей сүйлөй берди Дүрайым. – Тиги асман менен сүйлөшчү элең го?! Эми эмне жатасың жал-дырап?! Же эмне, Зумураттын көзүңдү карап, колуңду кармалап отурганы жагып калдыбы?! Болбосо, кыйын эмес белең, турбайт белең! Кара жерди айрып, баарыбызды ушул акы-балга алып келген сен, эми өлүгүндү артып калат экенсиң, а?! Сен да өлөт экенсиң, а?! Мен сени кыйын деп ойлопмун да?! Сен де-ле мендей бирөө экенсиң да?! – балбаалаган көз жашын жеңи менен арчып, бир убакта

Дүрайым:

– Какмар! Баарын кылган сен, уктуңбу?! – деди мистейип. – Эгер сен болбосоң, жок дегенде биз тирүү калмакпыз! Жоого тиет бе-лек, зоого тиет белек, бирөөнө катын болмок-пуз! Бала тууйт элек, эне болот элек! Сен канча кызды өлтүрүп, убалга калдың, какмар! Мы-на эми, өлгөн аттын этин жеп, ач күсөнгө ай-ландык! Канчык! Топурак-ташка каткан арам тамагың канчага күлазык болот, я?! Мына бу кейпибизди карачы! Жок дегенде өлүп бара-тып да менин шыбагамды талашасың! Мен сага, Зумуратты бербейм, уктуңбу?!

Эриндери көгөрүп, көздөрүн жалдыратып “сулк” жатып калган курбусунун алдындагы көрпөчөнү сууруп алат:

– “Душман!” деп коет! Андай болсо, душ-мандын төшөгүндө эмне жатасың?! Алып кел?!Бугу суугандай, саамга тынчып отуруп калат.

Бир убакта эсине келип, кыймылсыз жат-кан курбусун карайт. Эңкейип дем алганын тыңшайт. Тээ  үстү  жакта  күн  күркүрөп,  чагыл-ган чартылдайт. Ансыз да күн тийбей, ар дайым көлөкө болуп, нымдалышып турчу жараңканын ичин кара күүгүм басып, каяк-тандыр таштардын тоңкулдап кулап, күрүлдөп кум-шагылдын көчкөнү угулат. Эки тизесин кучактап, ыйлап отурган кыз “селт” этет. Ушул таш, ушул шагыл асканын бооруна дары чөп издеп чыккан Зумуратты кошо алып түшүп, бир жерге көөмп салгандай сезим берет. Тура калып, айланып-тегеренет.

– Зумура-ат?! Зумура-ат?! Ыы-ыы… – анын ый аралаш кыйкырыгы жаңырыкка айланып келип, кайра өзүнүн кулагына ку-юлуп жаткансыйт. Күндүн күркүрөгү… Чагылгандын чар-тылдагы…  Асканын  боорунан  күрүлдөп түшкөн көчкү… Кулагын басып, отура калат…Онтоп, кыңкыстаган курбусуна карайт.“Жада калса, жаны кыйналып жатып да сулуу! – өзүн жалдырап тиктеген Күнайымды карап отуруп ушуну ойлойт ал. – Ушунда да көздөрү башкача!” Күнайымдын жайнаган кош каректери-нен сызылып чыккан жашка күн желесин-дей болгон узун кирпиктери жуулуп, ого бе-тер ажарланып кеткенсийт. “Кокус Зумурат келип, ушунун баарын көрүп калсачы?” – Дүрайымдын оюна ушул “тык” этет. Колундагы көрпөчөнү курбусунун алды-на кайра салмай болуп, бирок Күнайымдын жайнаган каректерин дит багып карай албай, кайпактап кетет.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.