Төрөттөн эки жылда 148 эне каза тапты

Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын үй-бүлөнү пландоо альянсы биргеликте жүргузгөн изилдөөнүн жыйынтыгында 2014-2015-жылдары өлкөдө 148 аял төрөттөн каза тапканы маалым болду.

Аталган уюмдар эки жылдык статистиканы акушер-гинекологдор, анестезиологдордун жардамы менен анализдеп, ар бир өлүмдүн себебин аныктоого аракет жасалды. Ымыркайлардын өлүмү ар бир 100 миң тирүү төрөлгөн наристеге 44 баладан туура келди.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин «Азаттык» радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн өлгөн.

Булак: «Азаттык»