30-октябрга карата аба ырайы

Кыргызстанда 30-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 13…18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

Булак: Кыргызгидромет