Алып сатарлар көмүргө каалаган баасын кое албайт. Жаңы токтом долбоору

Экономика министрлиги «КР аймагындагы көмүр баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу боюнча» токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Токтом долбоору алдыда келе жаткан кышка даярдануунун алкагында иштелип чыкты.

Министрликтин маалыматына караганда, кардарларга жеткиликтүү баада көмүр жеткирүү маселеси орчундуу бойдон калууда.

«Мамлекеттик монополияга каршы орган көмүрдүн дүңүнөн сатылган баасын бекитип бергени менен ал элге жеткенге чейин бир топ колдон өтүп кетип жатат. Иликтөөлөргө караганда, акыркы учурларда көмүрдүн чекене баасы бир топ жогорулай түштү», — деп айтылат билдирүүдө.

Мунун биринчи себеби — кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр жана Казакстандын өз аймагынан көмүр чыгарууга тыюу салганы экени айтылды.

Алып сатарлардын өзүм билемдигин ооздуктоого өкмөттүн аралашуусу керек болуп жатканы кошумчаланды.

Мыйзамга ылайык, өкмөт күнүмдүк турмушка өтө зарыл тамак-аштын чекене баасын 90 күнгө чейинки мөөнөттө көзөмөлдөй алат. Эми көмүргө карата дагы ушул шарттарды киргизүү каралып жатат.

Булак: «Спутник»