Маданият министрлигине Султан Жумагуловдун талапкерлиги сунушталууда

Медиа-эксперт Султан Жумагуловдун талапкерлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине сунушталып жатканын Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинен билдиришти.

Султан Жумагулов учурда КР президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенет.

Мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди премьер-министр сунуштайт.

Буга чейинки маданият министри Түгөлбай Казаков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Булак: «Спутник»