Бишкекте 13 жаңы автобус ишке чыга баштайт

Бишкек шаарына Кытайдан 13 жаңы автобус алынып келинди. Ичинде 28 орундугу бар автобустар бүгүн шаар ичине каттай баштайт. Бул тууралуу мериядан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 4-муундагы автобустар бир кыйла сапаттуу жана пайдаланууда көпкө чыдайт. Ошондой эле алдыда дагы ушундай 160 автобус алынып келери да белгилүү болду.

Ал эми автобустарды иштете турган жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү Марат Сейдилдаевдин айтымында, коомдук унаадагы жол кире 8 сом болот. Бирок бул баа жогорулашы мүмкүндугүн да жокко чыгарган жок.

Кошумчалай кетсек, жаңы автобустар бузулса Кытайдан атайын бир ишкана келип ондоп берип турат.