Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланды. БШКнын расмий жыйынтыгы

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушун алган.

БШКнын маалыматына караганда, өлкө президенттигине ат салышкан талапкерлер төмөндөгүдөй добушка ээ болушту.

  • Сооронбай Жээнбеков — 920 620 добуш же 54,22%
  • Өмүрбек Бабанов — 568 665 добуш же 33,49%
  • Адахан Мадумаров — 110 284 добуш же 6,57%
  • Темир Сариев — 43 311 добуш же 2,55%
  • Таалатбек Масадыков — 10 803 добуш же 0,06%
  • Улукбек Кочкоров — 8 498 добуш же 0,50%
  • Азимбек Бекназаров — 2 743 добуш же 0,16%
  • Арстанбек Абдылдаев — 2 015 добуш же 0,12%
  • Арсланбек Малиев — 1 621 добуш же 0,10%
  • Эрнис Зарлыков — 1 554 добуш же 0,09%
  • Токтайым Үмөталиева — 1 473 добуш же 0,09%
  • Баарына каршы — 12 371 добуш же 0,73%

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрь күнү өткөрүлгөн.

Булак: «Спутник»