Бишкекте арстандын күчүгү менен түшкөн кишинин сүрөтү талкуу жаратууда

Борбор калаанын көчөсүндө жаш жигит арстандан күчүгүн мойнуна каргы тагып жетелеп алып, элге аны менен акча төлөп сүрөткө түшүүнү сунуштап жүрөт. Бул туурасында окуяга күбө болгон адамдар кабарлашты.

«Ишкер» жапайы жаныбар менен сүрөткө түшүүнүн акысы 200 сом деп белгилеп алган.

Күбөнүн айтымында, 29-октябрь күнү арстандын күчүгүн жетелегендерди Бишкектин эки жеринен көрүшкөн. Биринчи ирет түшкү саат бирлер чамасында Айтматов көчөсүндөгү ири соода жайынын алдынан байкашкан. Экинчи ирет болжол менен үч сааттан кийин Москва — Шопоков көчөлөрүндөгү «Ак эмир» базарынын жанынан көрүшкөн. Окуянын күбөсү кичинекей жаныбарды жетелеген жаш жигит ушул аймакта жашайт деген божомолун жазган.

Ал эми шаардын дагы бир тургуну арстандын күчүгү сатылып кеткендигин билдирген.

Булак: «Спутник»